"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Таймашта 5 команда Республикалык интеллектуалдык оюнга жолдомо утуп алышты

8 Апрель 2023 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны: 110

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6-апрель күнү “Прогресс Түп” коомдук бирикмеси уюштурган акыл таймаш “Прогресс» интеллектуалдык оюну болду. Оюнга райондогу 35 мектептен активдүү тайпалар катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.

“Түп Прогресс” коомдук бирикмеси  мындан бир канча жыл мурун уюшулган. Аны Түп районунан чыккан мыкты студенттер, ишкерлер негиздеген. Анда районундагы окуучулардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган  китеп конкурстары, интеллектуалдык таймаштар жана ЖРТ даярдоо курстар уюштурулуп турат. Бүгүнкү  «Прогресс» интелектуалдык таймаш «Менин өлкөм-Кыргызстан”-деген темада болду.
“Түп Прогресс”  коомдук жаштар бирикмесинин ыктыярчысы Мелина Сагалыева коомдук бирикменин  эң башкы максаты Түптүн жаштарынын билимин өркүндөтүү, жогорулатуу экенин айтат. Азыркы учурда ЖРТга, мамлекеттик олимпиадаларга, китеп окуу конкурстары боюнча иш алып бара жатышат:

“Ал эми Бүгүнкү оюндун максаттары, окуучулардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу, команда менен иш алып барганды үйрөнүү, мектепте алган билимин практикада пайдалануу, билимдүү окуучуларга коомчулуктун көңүлүн буруп, шыктандыруу аны менен бирге билимдүүлүктү даңазалоо,окуучулардын бош убактысын, энергиясын билим алууга жана коомдук иштерге активдүү катышууга чакыруу, улуттук баалуулуктарыбызды жайылтуу жана мекенчилдикке үндөө менен Кыргызстанды жана дүйнөнү таануга болгон кызыгуусун арттыруу арттыруу болду.

Оюнга жалпы 31 мектептен командалар катталды, ар бир командада 5 катышуучу болду. Окуучулар абдан активдүү катышып өздөрүн жакшы көрсөтө алышты. Оюн интеллектуалдык болуп жатканынан суроолор көбүнчө логикалык болду жана дагы мектепте өтүлгөн сабактар боюнча түзүлгөн. Оюн 2 турдан турат. Биринчи тур райондук болсо, экинчи финалдык тур республикалык деңгээлде өтөт. Анда 3 райондун арасында 4төн команда катышышат. Башкы сыйлыктар ошол республикалык турду жеңгендерге ыйгарылат. Биринчи турду жеңгендерге сертификат жана блокноттор белеке берилди»,-деп билдирди “Түп Прогресс” коомдук жаштар бирикмесинин ыктыярчысы Мелина Сагалыева.

Арал айылындагы Ж.Ашымов мектебинин 8-классынын окуучусу, интеллектуалдык оюндун катышуучусу Кенжегүл Айткулова сынакка биринчи ирет катышып жатканын айтып, алган билимин өз күчүн текшерип алганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн кошумчалады:
“ Мен бул интеллектуалдык оюнга биринчи жолу катыштым, биринчи жолу катышсам да, суроолор оңойураак эле болду. Бул мен үчүн жаңы маалымат, жаңы сабак, жаңы тажрыйба болду. Бул оюнга мен өз билимимди, интеллект IQду текшерүү үчүн бардым. Суроолордон мага логикалык суроолору көбүнчө жакты. Ошондой эле бул таймашта Кыргызстанга көп салымын кошкон акын-жазуучулар жөнүндө да болду алар тууралуу да кошумча маалыматтарды билип алдым. Жана Улуу ойчулдардын, философтордун логикалык табышмактары «акылга чамда», «мээге чамда» деген сыяктуу сынактардай эле Прогресс Түптүн оюну да менин билимимди, ой-чабытымды текшергенге дагы бир таймаш, сабак болду.

Кийинки жылы да болуп калса жакшы даярданып, биринчини алам деген ойдомун. Жана ушул сыяктуу сынактар окуучулар үчүн көп болуп туруусун каалайм”.


Райондук  деңгээлде 5 команда Республикалык интеллектуалдык оюнга жолдомо утуп алышты.

1-орун: М.Темиров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, «Темиров» командасы

2-орун: В. Кайкин атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, «Биримдик» командасы

3-орун: Т. Сыдыкбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, «Эрудит» командасы

4-орун: К. Карачев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби, «Аруузат» командасы:

5-орун: Бирлик жалпы орто билим берүү мектеби, “Биримдик” командасы

Эми бул топтор  14-апрель күнү Бишкек шаарында Кочкор, Түп, Токтогул районунун мыктылары жарышышат.

Айназик Кубатбекова