"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Тасмада жазгы тазалоо иштери жүрүүдө

8 Апрель 2023 жыл 11:25
Көрүүлөрдүн саны: 173

Тасма айылында жаздын келиши менен айлана-чөйрөнү, коомдук жайларды тазалоо жана жер себүү иштери башталат. Бул жылы дагы жылдагыдай эле тазалоо иштери башталды. Тасма айылындагы айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү, ФАО (жакырчылыктан чыгуу программасы) уюмунун мүчөлөрү айылдагы коомдук жайларды тазалоо менен алек.

«Жылыга ишембиликке чыгып биз жашап жаткан айылдын коомдук жайларынын тегерегин тазалап, айылыбызга бир аз болсо да салымыбызды кошуп келебиз», — дейт АДК жетекчиси Лиза Кыдырбаева.

Ишембилик учурунда.Айылдык ден соолук уюмунун айымдары.

Бул тууралуу уюмдун мүчөсү Сагынай Осмонакунова билдирди: «Биз былтыртан бери ушул эстеликтин айланасына тазалап актап турабыз. Мындан тышкары ФАО (жакырчылыктан чыгуу программасы) айымдарына тиешелүү айылда жер бар. Ошол жерди иштетип арпа себебиз. Ал бышканда аны сатып муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип турабыз», -деп кошумчалады.

Айтунук Токторова