"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Уста: Кол өнөрчүлүк укумдан-тукумга берилет

11 Апрель 2023 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны: 96

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Белек Садабаев көп жылдан бери устачылык менен алектенип келет. Анын айтымында бул өнөр чоң аталарынан калган. Бул өнөрү кийинки муундарга да өтүп калса деп үмүттөнөт.

Белек Садабаев иш учурунда

— Бул устачылык өнөр сизге кимден калган, же өзүңүздүн талантыңызды?
— Менин чоң аталарым уста болгон экен. Илгери ат арабаларды жана башка үйгө керектелүүчү буюмдарды колго жасашыптыр. Өзүм дагы эмнегедир ушул ишке кызыгып кеттим. Тукумдан келе жаткан өнөр деп ойлойм.

— Качантан бери бул иш менен алектенип келесиз?
— Окууну бүткөндөн кийин эле алектенип баштагам. Шыгым бар экенин байкап өзүм дагы, берилип кеттим бул ишке.

— Эмнелерди жасоо менен алексиз?
— Стол, отургуч жана дагы бешиктерди жасадым. Конокторго ылайыктап элдер суранып калышчу узун стол жасап берүүмдү аны дагы көп жасайм. Дегеле үйгө керектелүүчү көп эле буюмдарды жасадым.

— Кандай материалдар керектелет?
— Карагай тактайлар, ак кайың, теректер керектелет жана булар сапатын ачат.

— Элдерден көбүнчө кандай буйрутмалар келет?
— Элдер көбүнчө конок столдорду буйрутма кылышат жана ошондой эле үйүндө бузулуп калган буюмдарды алып келип жасатып кетишет.

Бул ишиңизден киреше түшөбү?
— Ооба, аз болсо да киреше табам. Мен башка жерлердин усталарына караганда арзаныраак кылганга аракет кылам. Анткени айыл жергесинде акча азыраак болгондуктан, кымбат кылсаң да эч ким жасатпайт. Анан бул иштен тапкан кирешемди нормалдуу деп эсептейм.

-Сиз ушул ишиңизди улантып, чакан ишкана ачкыңыз келеби?
— Ооба, мен чакан ишкана ачкым келет. Бул менин кыялым десем да болот. Азыркы кезекте каражат жетишсиз болгондуктан, өзүмдүн оюм ишке ашпай жатат.

— Бул ишиңизди окуучуларга, башка адамдарга үйрөтүүнү калайсызбы?
— Албетте, башка адамдарга дагы ушул устачылыгымды үйрөткүм келет. Кызыккандар болсо келсе, өз билгенимдин баарын үйрөтмөкмүн.

Белек Садабаев- уста

Кыял Токонаева, Сезим Темирова