"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Өтүкчү: Сүйгөн кесибим менен иштеп келем

16 Апрель 2023 жыл 23:11
Көрүүлөрдүн саны: 164

Каракол шаарындагы өтүкчү кеңсесинин бирин иштеткен Сапар Бекжанов Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери иштеп келет. Бул кесипти ал сүйүктүү кесибим деп эсептейт.

«Кичинекей кезимден бери кызыккан кесибим ушул кийин ушул өнөрдү окуп бүтүп, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери өтүкчүлүк өнөрүм менен иштейм. Колдон келишинче элдерге да жардам берип өз кесибимди жакшы көрөм»,- дейт маегинде.

Сапар Бекжанов- өтүкчү

 

Иш учурунда

«Өзүмдүн жумушум өзүмө жагат, эл менен иштегенди жакшы көрөм, менин кесибим жана хоббим экөө бир эле десем болот. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан жумуш жок. Өзүмдүн тармагым боюнча «соода сатык технологмун». Союз убагында общепитте иштегем, ал эми азыр болсо өзүбүз менен өзүбүз кичинекей ишканабызды иштетебиз. Кичинекей кезимден бери кызыкчу элем кийин окуп бүтүп алып, ушул иш менен алекмин. Ушул иш менен үй-бүлөнү багып келем элдерге жардам кылам. Эл менен иштешкенден кийин ар кандай адамдар келишет. Кээ бир социалдык жактан муктаж адамдар келип, калышат алардын шарттарын көрүп эле бут кийимдерин бекер оңдоп берем».

«Жергиликтүү бийлик бизге кеңсени чечип берсе, жана жер маселесин карап беришсе абдан жакшы болмок. Патент алып ошонун негизинде салык төлөп келем»,-дейт жеке ишкер.

Өмүрбек Качиев- кардар

Өмүрбек Качиев мен жыйырма жылдан бери Сапар Бекжановдун кардары.

«Азыр пенсионермин убагында кызматкер элем. Мамлекеттик кызматта иштегем, инженермин. Жашым 71де. Бут кийимимди оңдотууга бул жакка келем, жакшы, сапаттуу жана арзан жасап берет. Ойдогудай кызматын көрсөтөт, ыраазымын бул адам көбүнчө ойдогудай жасайт. Пенсионерлердин капчыгына ылайык баада.»

Иш үстүндө.

Айдеми Барыктабасова