«Замандын талабына ылайык,»Критикалык ой жүгүртүү»
өтө эмоцияналдуулук,стресс,депрессия сыяктуу нерселер көп болуп жатканына байланыштуу,психология илимдеринин доценти, илимдин кандидаты, 23 жылдан бери жогорку окуу жайда психология сабагы боюнча окутуучусу»- Байтикова Тилек Аянбаевнанын алпарган иши жана коомго кошкон салымы тууралуу сөз болмокчу.
деген мамлекеттик илимий долбоорду ишке ашырган. 2 жыл аралыгында Ысык-Көл областынын мектептеринин башталгыч класстарынын мугалимдерине, бала бакчалардын тарбиячыларына, мектептердин социалдык педагогдоруна семинар-тренинг өтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөөнүн жолдорун үйрөтүү менен алардын квалификациясын жогорулаткан. Ошондой эле ЫМУнун «Башталгыч билим берүү» адистигинде окуп жаткан студенттердин да квалификациясын жогорулаткан. Инклюзивдик билим берүүнү регионго жайылтуу иштерине активдүү катышып, психолог-тренер катары бир нече семинар-тренинг өткөн. ФЕЦА фонду менен тыгыз байланышта иш алып барган.
Психология тармагында өзүнүн квалификациясын дайыма жогорулатып, теорияны практика менен айкалыштырып калк арасында психологиялык жардамга муктаж адамдарга кеңеш берип келет. Студенттер арасында психологиялык жактан акысыз кеңеш берип, муктаждарга дайыма кол сунат.
Бүгүнкү күндө кванттык психология тармагы боюнча Москвада Эл аралык Академиянын студенти катары онлайн форматта билим алып, квалификациясын жогорулатып жатат (Международная Академия мастер разборов).
Азыркы учурда XXI кылымдын оорусу – бул стресс, депрессия, ал эми XXI кылымдын валютасы – бул энергия. Энергия жоктугунан, же аздыгынан калк арасында психологиялык ден соолугуна кам көрүү максатында психолог издеген кардарлар өтө көп.
Тилек Аянбаевна мезгилдин муктаждыгын, ададмадрын керектөөсүн эске алып, социалдык желелер аркылуу онлайн билим бөлүшүүгө өтө жакшы шарт болуп жаткан кезде кесипкөй адис катары өз билимин эли менен бөлүшүп, ар бир адамга жан дүйнөсүнө тынчтык орнотуп, энергия булактарын тааныштырып жана аны алуунун оңой жолдорун үйрөтүп, бактылуу жашоого келишине себепчи болуу максатын көздөйт.
Гулназ Жумагулова