"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Тасма айылында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди

10 Май 2023 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 47

Ысык — Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка катышкандарды эскерүү салтанаты болду. Салтанатка Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы, А. Сопиев мектебинин директору жана башка сыйлуу коноктор катышышты.

Тасма айылынан Улуу Ата Мекендик согуш майданына барып келгендердин саны 59, курман болгондор 72, эмгек армиясына катышкандар 19 адам.


«Өлбөс полктун жүрүшүнүн максаты 1941-1945-жылдардагы согушка катышып, кайтпай калган, кайтып келип, кээ бирлери  78 жылдан бери кайтыш да болуп калышты жана ушул сыяктуу биздин чоң аталарыбыздын, тай аталарыбыздын агаларыбыздын элесин унутпаш үчүн. Алар биздин арабызда жок болсо да элеси, аты, кылган эрдиктери биз үчүн, биздин азыркы тынч жашап жатканыбыз үчүн өз жандарын курмандыкка чалып, жан аябай салгылашкандары унутта калбасын деген максатта жыл сайын ушундай жүрүш уюштуруп турабыз”,-дейт Эскерүү жүрүшүнүн уюштуруучусу Кундуз Шалтабаева.

Улуу Ата Мекендик согушка барып келгендердин жана согуш учурунда курман болгондордун элесин арналып айылдын чок ортосунда эстелик тургузулган. Жыл сайын эстеликтин жанына келип аларды эскерип куран окулуп, мектептик парадда жеңген класс 9-май күнү Жеңиш күнүнө арналган салтанаттык парадда басышат жана гүл чамбар коюп, жыйынтыкталат.

Өлбөс Полк
«Биз азыр Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу китептерден, чоң ата, тай аталарыбыздан, эжей-агайларыбыздан угуп аткандарыбыз биз үчүн жомок сыяктуу туюлат, бирок ошол согуш мезгилдеги оор учур алар үчүн абдан кыйын болгон экен. Бирок ушунча кыйын болгонуна карабай алар биздин жакшы жашашыбыз үчүн болгон жанын аябай жан беришти. Ошол себептен биз аларды унутта калтырбай ар дайым эскерип жүрүшүбүз абзел. Ушул үчүн жыл сайын эстеликтин жанына келип аларды эскерип, «Өлбөс полк» жүрүшүн кылабыз», -дейт Салтанат Турсунбаева.
Тасма айылындагы эстелик 1987-жылы Ленин комсомолу, совхозу учурунда тургузулган. Эстеликтин такталарында согушка катышкан баардык катышуучулардын аты-жөндөрү жазылган.

Айназик Кубатбекова