"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Чакан тигүүчү цех ачып, жумушсуз аялдарды дагы иш менен камсыз кылган элеттик айым

13 Май 2023 жыл 12:15
Көрүүлөрдүн саны: 71

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Лола Молдакунова уйуно тигүүчү цех ачты. Ал цехте жумушсуз 7-8 аял иш менен камсыз болуп кошумча киреше таап, иштеп жатышат.


37 жаштагы Лола Молдакунова буга чейин Кесиптик лицейде окуп тигүүнү билген, кийин ушул сыяктуу айымдар менен чогуу тигүүчү цех ачты. Ишкерлик баштап жаткан айым 3 баланын апасы:
«Тигүүчүлүк менин кичиней кезимдеги кыялым болчу ошол үчүн ушул багытта ишкерликти баштадым. 2жыл Кесиптик лицейде окудум тиккенди, бычканды үйрөндүм. Ошентип эле жеке тигүүчү цех ачтык. Азыркы учурда тиккенди билген бирок тигүүчү цехтер жок болуп, үйүндө бош отурган эжелер болуп тигебиз. Тигүүчүлүк менин кыялым, хоббим болгондуктан оор жеңили деле жок, кандай моделде болсо сүйүп тигем. Биз азыр кандай буйрутма келсе тиге беребиз, көбүнчө көйнөктөрдү, курткаларды тигип жатабыз. Кийимдерди моделине жараша тигебиз, оорураак фасондо болсо бир күндө он даана, жеңил болсо жыйырма же андан ашык тиге алабыз.


Учурда тигуу цехте 7-8 аял иштеп жатат. Тигүү машинкалардын саны алты гана болгон үчүн кезектешип иштеп жатышат Лола Молдакунова иштегиси келген аялдар коп экенин айтат:
«Азырынча Бишкектеги жеке ишкерлик кылган цехтерден буйрутма алып, тигип кайра аларга жиберип турабыз. Биз азыр жаңы ачканга кирешелерди көп деле эсептебей аларга буйрутма алып башка керектүү нерселерге жумшап жатабыз. Келечекте бул чакан бизнесимди өркүндөтүп, чоңойтсом деген пландар бар.»

Тигүү цехинде иштеген аялдардын бири Аксана Ташиеванын айтымында ал буга чейин жумушсуз тигүүнү билген эмес иштегени келип тез эле оздошутруп алганын айтат:
«Мен буга чейин жумушум жок үйдө эле балдар менен отурчум. Тиккенди бул жактагы эжелерден эле үйрөнүп алдым. Мен үчүн теория жүзүндө окуганга караганда практика жүзүндө кылып үйрөнүү оңой болду. Азыркы учурда жакшы үйрөнүп калдым.»


Азыркы учурда ушул сыяктуу цехтер көп ачылып, айылда отуруп эле буйрутма алып тигип жаткан элеттик келиндер жана аялдар көбөйүүдө.

Айназик Кубатбекова