"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп балдар музыкалык мектеби өнөрүн тартуулады

22 Май 2023 жыл 22:37
Көрүүлөрдүн саны: 66

Түптөгү райондук маданият үйүндө Сабыр Орозов атындагы Түп балдар музыкалык мектебинин отчеттук концерти өткөрүлдү. Иш-чарага аким катышып, таланттуу окуучуларды жана мугалимдердин сыйлады.


Түп районунун акими Каныбек Адиев отчеттук концерттин катышуучуларын жана конокторун куттуктап, бүтүрүүчүлөргө чыгармачылыгы ийгилик каалады жана мектептин алдыңкы мугалимдерине сыйлыктарды тапшырды. Комуз классынын мугалими Элмира Курамаева райондун «Кадырлуу эмгек каарманы» наамына татыды.

Ардак грамота менен «Сольфеджио» сабагынын мугалими Айгүл Турсалиева, «Үйлөмө аспаптар» классынын мугалими Алтынай Искалиева, Ыраазычылык кат менен мектептин директору Гүлзат Абдыкеримова жана дагы 2 мугалим баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле акимдин катышуусу менен 14 бүтүрүүчүгө дипломдор жана алдыңкы окуучулардын тобуна Ардак грамоталар тапшырылды.
Отчеттук концертте быйылкы окуу жылынын 115 окуучусу сабак жүргүзүлгөн музыкалык аспаптын 7 түрүнөн өз чеберчиликтерин көргөзүштү.
«Биздин мектепте 7 бөлүмдө 115 окуучуга 15 мугалим сабак берет,»- деди мектептин директору Гүлзат Абдыкеримова.

 

Айназик Кубатбекова