"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө мугалим, окуучу жана ата-энелер арасында китеп окуу сынагы өттү

22 Май 2023 жыл 18:33
Көрүүлөрдүн саны: 82

Ысык-Көл облусунун Түп районунда «Прогресс Түп» коомдук жаштар фонду тарабынан райондук деңгээлде китеп окуу сынагы өттү. Ал белгилүү педагог, коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору Жангороз Каниметовдун жаркын элесине арналган.



«Прогресс Түп» коомдук жаштар фондусунун аткаруучу директору Табылды Муратбеков буга чейин дагы китеп окуу сынактарын уюштуруп келишкенин айтат. Сынактын максаты райондун жалпы тургундары арасында китеп окуу маданиятын жандандыруу. Өзгөчө окуучулар арасында китепке болгон кызыгууну сынак аркылуу арттыруу.

«Бүгүнкү конкурс Түп районунун мугалимдери, ата — энелери жана мектеп окуучулары катышкан китеп окуу сынагы болду. 2китептин негизинде өттү. «Элдин балдары» деген китеп мугалимдер, ата-энелер жана 10-11-класстын окуучулары үчүн, «Кат келди» аңгемеси 5-9-класстар арасында болду”.

Бул жолу китеп окуу сынагына жалпы район боюнча 1000ге жакын окурман катышышты. Табылды Муратбековдун айтымында окурмандардын катышуусу абдан жакшы уюштуруучулар күткөндөн да көп окуучу катышкан:
“Китеп окуу сынактарын уюштурганда эң биринчи китеп тандаш керек. Китеп тандап атканда да максат коюш керек «Окуучулар бул китепти окуганда, өздөрүнө кандай пайдалуу нерсе ала алышат?» — деген суроо коёбуз.

Буга чейин Акыркы коңгуроо деген китеп тандаганбыз. Ал китепти тандаганыбыздын себеби :жогорку класстагы окуучулар үчүн кесип тандоо, университет тандоо, максат коюуу, убакытты туура башкаруу деген сыяктуу негизги керектүү жөндүмдөрдү жөнгө салганга жардам берген китеп болчу. Ал эми бул сапар 5-9класстар үчүн «Кат келди» китебин тандаганыбыздын себеби биринчиден Кат келди-биздин тарыхыбыз, экинчиден — биз Айтматовдор дегенде Чынгыз Айтматовду, Илгиз Айтматов жана Роза Айтматоваларды билебиз. Алар биз үчүн үлгү болоорлук үй бүлө. Үчүнчүдөн чыгарма чакан аңгеме болгондуктан окуучуларды кичинекей аңгемеден кызыктырып, чоңураак чыгармаларга чыгаралы деген себеп болду. Дагы бул иштерди окуучулар арасында да, тургундар арасында да уланталык деп жатабыз.

Түп районунун баардык тургундарын сынакка активдүү катышууга чакырабыз. Китеп окуу сынагынын аркасы менен райондон мыкты инсандар көп чыксын, ийгиликтүү инсандар көп болсун. Ошого жараша Кыргызстанга биздин кошкон салымыбыз ушул болсун деген ойдо уюштурууну улантабыз».


Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Миргүл Үкүева китеп окуу сынактары бир гана окуучуларга эмес, мугалим жана ата-энелерге дагы катышуу мүмкүнчүлүк берип жатканы жакшы деп белгиледи:
«Китеп окуу сынагынын пайдасы сынакка катышалы деп жок дегенде бир китеп окуп алабыз бул бизге бир пайда. Мен азыр мугалимдер үчүн деген «Элдин балдары» китебин окудум. Анда Алишер деген абдан жакшы бала жөнүндө экен. Анын ар бир күнүн окуп жатып өзүбүзгө жаңы тажрыйбаларды, сабак кылып ала алдык.

Мындай эле бош убакта китеп окусак үстүртөн эле окуп анча мынча нерселерге көп көңүл бура алчу эмеспиз, ал эми сынакка үчүн окуганда ар бир майда нерсесин калтырбай окудук. Окуучулар үчүн эле эмес биз үчүн да абдан жакшы пайдалуу болду.Биз билбеген да маалыматтарды ала алдык. Буюрса дагы мындай Сынактарга катышып турабыз»,- дейт сынакка катышкан мугалим Миргүл Үкүева.


Мектеп окууулары арасында сынакка катышкан А. Сопиев мектебинин 8-классынын окуучусу Акжолтой Абдыбекова 1-жолу китеп окуу сынагына катышкан.
Ага мындай сынак жакканын билдирди:
«Мен буга чейин китеп окуу Сынактарга катыша элек болчумун. Бул сынак мен үчүн жаңы ачылыш жаңы нерсе болду. 8- класс болгонум үчүн “Кат келди” чыгармасын окудум. Чыгарма чакан аңгеме болсо да ичинде согуш маалындагы кыйынчылыктар жөнүндө абдан кеңири маалымат бар экен. Буга чейин Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу укканбыз, билип эле жүргөнбүз бирок бул чыгармадан Ильгиз Айтматовдун башынан өткөн окуясын, кат таашыганын, канча кыйынчылык башынан өткөнүн окуп, жакшы түшүндүк. Китеп абдан жакшы таасир, абдан жакшы эмоцияларды калтырды. Мындан ары да китептерди дайыма окуп адат кылып алдым», — Акжолтой Абдыбекова.

Айназик Кубатбекова