"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмада өспүрүм кыздарды эмдөөнүн экинчи этабы жүрүп жатат

22 Май 2023 жыл 18:26
Көрүүлөрдүн саны: 44

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында 11 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөөнүн экинчи дозасын алды. Жатын моюнчасынын рагы аялдар арасында кеңири тараган коркунучтуу илдет болуп саналат.



Папиломма оорусуна каршы «Gardasil-4″ вакцинасы Кыргызстанга 2022-жылы жаңы келип баштаган. Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Азат Толкунбекова былтыр Тасма айылында 94 кыз эмдөөдөн өткөнүн билдирди:

“Папиломманы — рак шейки и матки деп коёт. Бүгүн ушул вируска каршы вакцина сайылып жатат. Эки доза сайылат. Былтыр биринчи дозасын сайганбыз бүгүн экинчи дозасын сайдык. Бул вакцина вирустан сактайт, кийин кыздар турмушка чыкканда рак шейки матки менен оорушпайт. Вакцина кыздарга гана сайылат. Кыргызстанга быйыл жаңы келип атат ошондуктан тур жасалды. Быйылтан баштап 11жаштагы кыздарга сайылат.Биринчи дозасын былтыр 94кызга сайганбыз экинчи дозасын да 94кыз алды. Быйыл дагы 28кызга саюу пландалууда. Вакцина алгандан кийин, прививка сайылган жерди 1-2 күн жуубаш керек ошол эле, мындай эч нерсе деле болбойт.»


Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 8-классынын окуучусу Диана Окенова вакцинанын экинчи дозасын алды:
«Бул вакцина кыздарга сайылат экен. Менин жашым туура келип вакцина алдым. Дарыгер эжелер да бизге бул тууралуу жетиштүү эле маалымат бере алышты, буга чейин да интернеттен ал жөнүндө кабар алганбыз. Баарыбыз жакшы түшүнүп көп кыздар вакцина алдык», -дейт Диана Окенова.

Айназик Кубатбекова