"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Пенсиядагы мугалим «Элдин балдары» китебин окуган соң каталарын түшүнгөн

23 Май 2023 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 203

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылынын тургуну учурда ардактуу эс алуудагы Суусар Кусмидинова 75 жашта. Ал райондук деңгээлде уюштурулган ата-энелер жана мугалимдер үчүн китеп окуу сынагына катышкан. Мугалимдер тарбия, сабак берүүдө көп эле катачылыктарды кетирип жүрүптүрбүз деген ойдо.

Суусар Кусмидинова

«Элдин балдары» чыгармасы мектеп окуучуларынын жашоо-турмушун, кыял-максаттарын, мүнөздөрүн, үй-бүлөдөгү, мектептеги маселелерин, ата-энеси, мугалимдери, достору менен мамилесин сүрөттөйт.

Автор бала тарбиялоодогу кемчиликтерди да окуучунун көз карашы менен чагылдырып берген. Китеп окуучуларга, ата-энелерге, педагогдорго, жалпы окурмандардын кеңири катмарына арналат.Түп районунда «Прогресс Түп» коомдук жаштар фонду райондук деңгээлде мектеп окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер арасында киетп окуу сынак уюштурду.

Ага Күрмөнтүдө мугалим болуп иштеп жүрүп азыр ардактуу эс алуудагы Суусар Кусмидинова неберелери менен катышты:
“Мен «Элдин балдары» китебинен сынакка катыштым. Өзүм менен чогуу уулу неберем Галина 11 — класс, Абылай 10- класс жана Каухар 6 — класстан болуп 5 адамдын катыштык.

Чынында мугалимдер тарбия ,сабак берүүдө көп эле катачылыктарды кетирип жүрүптүрбүз. «Элдин балдары» китебин билим берүү министрлигинде колго алып, тарбиялык сааттарга киргизүүнү ишке ашырсак дегенди сунуштайт элем. Китептин негизги каарманы Алишер менен Талгаттын кийинки турмушун улантууну жазуучудан жана жогорку каармандардан суранат элем, себеби 2 каарман кимдер экенин китепти окугандан кийин тез эле түшүндүм. Алардын китепти окууну жайылтуу, кызыктыруу боюнча алгачкы кадамын окурмандардын көптүгүнөн билдим.

2 каарман «Элдин балдары» эмне дейт дегенге чекит койду окшойт.”

Буга чейин «Оку» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн XI Республикалык китеп окуу сынагында дагы “Элдин балдары” китеби боюнча сынак уюштурулган.

Айназик Кубатбекова