"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: Тасма айылдын кире беришиндеги көпүрө орнотулду

26 Май 2023 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 527

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын кире беришиндеги көпүрө 2005-жылдан бери авариялык абалда турган. Быйылкы жылы Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жасалды.


«Көпүрө 2005жылдан бери авариялык абалда келе жаткан. Быйыл Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланды. 900миң сомдой каражат жумшалды. Көпүрө Талды-Суу ДЭУ-4 түн жумушчулары тарабынан жасалды.
Каржылоо булактары Түп райондук өнүктүрүү фондусунан 900 миң сомго каржыланды,» -деди Талды-Суу номер 4- жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Рысбек Исмаилов.


Бардык талаптарга жооп берген сапаттуу стандарттарга туура келерин  Карасаев айыл өкмөтүнүн жер адиси Нурбек Үсөнов белгиледи.

«Тасма айылында бул көйгөй 2005жылдан бери келе жаткан. Ысык-Көл өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланып жаңы, сапаттуу, бардык талаптарга жооп берген көпүрө курулду».


«Көпүрөнүн авариялык абалда турганына көп жыл болду. Ары бери чыкканда абдан кыйналчубуз. Эңкейиш да болчу ошону менен эле бир эле машина өтө алчу. Бири-бирибизди күтүп акырын өтүп атканбыз. Анан быйыл такыр эле жарактан чыгып калды. Көпүрө Талды-Суу ДЭУ-4 ТҮН жумушчулары тарабынан жасалды.


Батырак эле жасаганга аракет кылышты биз ал убакта айылдын аркы чети менен айланып өтүп турдук. Көпүрө жасалып жакшы болуп калды, жол да кенен болуп,»-дейт айыл тургуну Майрамбек Үсөнов.

Айназик Кубатбекова