"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп: “Жаркын келечекке бирге” аталышындагы билим форуму болуп өттү

28 Май 2023 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны: 263

27-май күнү Түп райондук маданият үйүндө окуу жылынын жыйынтыктаган билим форуму болуп өттү. Форумда “Прогресс” коомдук бирикмесинин 2022-2023 окуу жылындагы кылынган иштери боюнча маалыматтар берилип, предметтик олимпиадада мыкты бийиктиктерди багындырган окуучуларга жана ЖРТ боюнча райондук сынакта жакшы көрсөткүчкө жетишкен бүтүрүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.



Форум облустук жана республикалык мелдештерде ийгиликтерди багындырган (предметтик олимпиада, интеллектуалдык таймаш жана китеп конкурстун жеңүүчүлөрү) окуучулардын кызыл килем аркылуу басып кирүүсү менен башталды.

«Прогресс Түп» коомдук жаштар фондусунун аткаруучу директору Табылды Муратбеков бул аракет буюрса мыкты ийгиликтерге жеткен окуучуларга стимул болуп, билимдүүлөрдү даңазалоодо салт катары жыл сайын уланарын билдирди: “Прогресс” Түптөн чыккан ага-эжелердин колдоосу менен жаштарды колдоо багытында иш алып барат.


Түп районун жакынкы 5 жылда билим деңгээли боюнча облустагы алдыңкы районго, республика боюнча алдыңкы 10дукка кирүүсү үчүн аракетибизди уланта беребиз.

Билим багытындагы демилгелерибизди колдоп келаткан бардык инсандарга терең ыраазычылык билдиребиз.”

Ошондой эле иш-чаранын эң салтанаттуу бөлүгү катары Жангороз Каниметовдун жаркын элесине арналган “Китепкөй муун — жаркын келечек” китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Китеп сынакка район боюнча жалпы жолунан 945 окурман катышып, алдыңкы орундарга Түркия мамлекетине, Ташкент жана Алматы шаарларына жолдомолор, Ноутбук, 2 телефон, акылдуу кол саат жана микроволновка сыяктуу байгелер тапшырылды. Ошондой эле кийинки орундарды ээлеген окурмандар диплом жана китептер менен сыйланды.


Аталган иш-чараны “Прогресс” коомдук бирикмеси Түп райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бөлүмү менен бирге уюштурду. Китеп конкурстун демөөрчүсү Жангороз атанын уулу Адыл Каниметов болду.

Айназик Кубатбекова