"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Өкмөт тарабынан берилген 100 миң сомду максаттуу иштеткен үй-бүлө

31 Май 2023 жыл 18:43
Көрүүлөрдүн саны: 255

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндө социалдык келишим менен 100миң сом алып аны менен чакан долбоор жасап киреше тапкан үй- бүлөлөр бар. Мындай колдоону былтыр беш үй бүлө алышкан. Быйыл үч айылдан биригип-Тасма, Чоң — Тогузбай,Токтоян айылынан 13 үй бүлө алышты.


«Бул пособия аз камсыз үй бүлөлөргө берилет. Жөлөк пул сыяктуу, өкмөт тарабынан берилет. Былтыр 2022-жылы соцконтракт деген 100миңдик акча боюнча президентибиз Садыр Жапаровдун атынан, өкмөт тарабынан, социалдык жардам деп келип атат. Бул жөлөк пул алчулардан үч айылдан биз мониторинг жүргүзүп, каалоочулар алгыла дегенбиз. Былтыр беш үй бүлө алышкан. Быйыл үч айылдан биригип-Тасма, Чоң — Тогузбай,Токтоян айылынан 13 үй бүлө алышты. Тасма айылынан былтыр экөө алган, быйыл дагы экөө алды. Калгандары Чоң Тогузбай, Токтоян айылынан жана Ак-Марал конушунан. Бул 100миңдик жөлөк пулду жакырчылыктан чыгуу боюнча, ошол 100миңди иштетип, жакырчылыктан чыгабыз, балдарыбызды багабыз деген ой менен өкмөттүн жардамы болуп жатат. Муну алып жакырчылыктан чыгат андан кийин пособия алынбай калат. Айыл тургуну Камчыбек Кудагелдиев былтыр дал ушундай акча алып музоолуу уй сатып алды музоосун чоңойтуп кайра сатып швейный машинка алды. Азыр ошол машинкасын аялы иштетип өзү уйун багып, сүт төгүп киреше жакшы болуп атат. Көбүнчө биздин айылдан швейный машинкаларды алып жатышат.»-дейт Карасаев айыл өкмөтүнүн соц катчысы Асель Байсариева.
Аталган соц жардам алып көп үй бүлөлөр иш менен камсыз болушуп, кээ бирлери аз камсыз үй бүлөлөрдүн катарынан чыгып, пособия албай калышты.
«Айыл өкмөттөгү соцконтарктта иштеген эжелерден Социалдык келишим боюнча 100миң сомдук пособия жөнүндө укканбыз. Анан проект жазууну чечтик. Күнүндө 100миң сомду алдым. Бир музоолуу уй алгам анын музоосу чоңойду, быйыл дагы бир музоолуу болуп атабыз. Биз башында жубайым экөөбүз ойлоп атканбыз ал акчага швейный машинка алалы деп анан кеңешип биринчи музоолуу уй алдык. Кийин торпогун сатып 2 машинка алдык, аны аялым иштетип жатат. Алгандан бери сүт саап «Каракол сүткө төгүп атабыз, жумасына акчасын алып келип берип турушат. Буга чейин аялым экөөбүз үйдө жумушсуз отурсак, азыр ушул уй менен киреше келип атат. Келечекте дагы уйларды көбөйтсөк деп жатабыз» — дейт айыл тургуну Камчыбек Кудагелдиев.

Айназик Кубатбекова