"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында беделерди «Түнкү үкү» курту каптады

31 Май 2023 жыл 16:48
Көрүүлөрдүн саны: 195

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тасма айылындагы беделерди «Түнкү үкү» курту жеди. Анын айынан 250га дай жер жабыр тартты. Айылдык дыйкандар дары чачып абалды убагында токтотушту.


«Бедени курт каптаганынын негизги себеби түнкү үкү. Жаз кургакчыл болуп куртка абдан ылайыктуу болуп калды. Ошол убакта булар жаңы гүлдөп келе жаткан беделер жумшак болуп түнкүсүн жешти. Массалык түрдө көбөйүшүнүн негизги себеби ушул аба-ырайынын абдан кургакчыл болуп калышы болду.

Түнкү үкү топурактан бат жетилет. Жаанчыл болуп топурак нымдуу болсо булар көбөйө алышпайт. Дагы бир себеп каргалардын азайышы. Каргалар 5см тереңдиктеги курт — кумурскаларды жейт, азыр ошо азайып анан бул курттар көбөйүп жатат. Бул курт түнкүсүн жалбыракты жейт, күндүз топурак жылуу болсо, топурактын астына кирип тамырын жейт.Беде симбецкий өсүмдүккө кирет. Беденин түбүндө азотту фиксация кылган грибок болгондуктан ошого жакыныраак болот да, тамыр жегенге анан бобалык культура болуп анда протеин көп болгондуктан жалбырагын жегенге негизделген курттар. Мунун өзүнүн көпөлөгү да болот. Болжол менен 250га жакын жер курттун айынан зыян тартты. Курт көп болгон массалык жерлер болуп кайрак жерлер эсептелет, суу барбаган дөңсөө жерлерде көп катталды. Анткени бул курттар кургакчылыкта жакшы өрчүшөт. Бирок убагында дары чачып, дарылагандар да болушту. Дары чачкандан кийин эле жаан жаап курттун азайышына жакшы болду.

Дарыда хлор — фосфот бар инсектицид дарылар бар ошолорду чачканда жакшы эффектисин берет. Бул дарыны кечкисин жалбырак чачат, анан жалбыракка кечкисин сиңет түнкү фотосинтездин негизинде тамырга чейин жетет. Анан ал курт жалбырак десе да, тамыр жесе да, курттар жеген азыгынын незизинде нервный паралич кылат дагы өлтүрөт. Дагы жаан-чачын көп жаап, сугат иштери жакшы болсо курттун азайышына жакшы себеп болот»,-дейт Карасаев айыл өкмөтүнүн агроному Нурбек Усенов.

Аталган курт түнкүсүн жалбырактарды жеп, күндүз топурак жылуу болсо, тамырын жейт. Беде азыр жаңы гүлдөп келе жатканга абдан жумшак болуп да аткан.

«Буга чейин беделерди түнкү үкү курту мындай жеген эмес. Быйыл жаз да абдан кургакчыл болгондугу үчүн ушундай курттар пайда болуп жатат. Ошол үчүн сугат иштерин жакшыртыш керек. Биздин дагы токойдогу Көк- Мойнок деген жерде 3га дай бедебизди түнкү үкү курту зыянга учуратты. Бирок биз ал күчөп кете электе тезирээк инсектицид дарыларды чачып жоготуп жатабыз», -дейт айылдык дыйкан Кылымбек Кубатбек уулу.

Бул дарыны кечкисин жалбыракка чачат, анан ал сиңип түнкү фотосинтездин жардамы менен тамырга жетип, кийин курт жесе нервный паралич болуп жок болот.

Айназик Кубатбекова