Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары, жаш ишкерлер ага ини Москва шаарынын борборунан самсыкана ачып, Өз ишкердигин баштаган кези. «Тобокелсиз акча жок деген ураанды карманган бир туугандар көп тоскоолдукка карабай өз иштерин улантууда.
“2000-жыл 18-ноябрда туулгам. Москва шаарында иштеп жүргөнүбүзгө 4-5 жылдын жүзү болду. Ар кандай иштерде иштеп көрдүк, жада калса стройкада. Кылбаган ишибиз калбады.
Ишкердик кылып, самсыкана ачууну ойлонуп жүргөнүбүзгө бир жарым-эки жылдын жүзү болду. 2 жылдан бери ачабыз деп жүрүп, убакыт сааты келди окшойт. Москва шаарынын борборунан ачтык. Павилецкая метросунун жанынан Кожевническая деген көчөсүнөн. Эл көп өтүүчү жай, кудайга шүгүр жакшы. Ачканга чейин өтө кыйынчылык болду, ошол кыйынчылыктарга чыдадык, сабыр кылып тиленип, жакшы нет кылып документациялары, аренда макулдашуу жана башка көп майда нерселерге чыдадык. Ачып жатканда биздин тааныштар, туугандар өтө тоскоол болушту, каршылык көрсөтүштү.
Башка Мамлекетте жүрөсүңөр жөн эле жүргүлө, ачпай эле койгула дешти, биз ага карабай өзүнүн максатка жетиш үчүн ушул чакан бизнести бизди ачтык. Байкем экөөбүз көп нерсеге чыдадык”.
Бизнес ачам деген жаштарга, ачкыла иштегиле деп айтаар элем. Байкем экөөбүздүн таянган нерсебиз «Тобокелсиз акча жок» деген ураан менен ушул бизнести баштадык”,- дейт жаш ишкер Эламан Эргешов.
Гулназ Жумагулова