"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Ар бир адам гендерге сезимтал болушу керек

29 Июль 2023 жыл 22:56
Көрүүлөрдүн саны: 18

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында  гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары боюнча тренинг өткөрүлдү. Тренингге журналисттер жана блогерлер катышышты. Катышуучулар бул тренинг журналистерге эле эмес жөнөкөй адамдарга да керек экенин белгилешти.


Тренингде Ысык-Көл облусунун журналисттери үчүн гендердик теңчилик маселери боюнча маалымдуулукту жана түшүнүктү жогорулатууга, гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен таанышууга багытталган жана гендердик сунуштарды маалыматтарды чагылдырууда колдонуу боюнча практикумдарды камтыган тренинг уюштурулду.

«Социалдык коомдук технологиялар коомунун буга чейин 3жылдык «Даткайым» долбоору бар болчу. «Даткайым » долбоорунун экинчи фазасы «InKoom» деп аталат.Себеби бул жерде максаттуу топторго мурункулардан бир аз айырмаланып, майыптыгы бар аялдарды да коштук,ошол үчүн инклюзивдүү коом деп — InKoom деп атадык. Долбоор 2022жылдын октябрь айынан бери ишке ашырылып жатат. Долбоордун 2-3 багытточу максаттары жана топтору бар. Алардын эң алгачкысы аялдар, жаштар жана майыптыгы бар аялдар. Аларды ушул коомго аралаштырып, коомго кошуу. Атайын өзүнчө максатыбыз бул Гендердик сезимтал журналистиканы алдыга жылдыруу, ошол максатта баардык облустарда Гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен тааныштыруу максатында ар бир медиалар өздөрүнүн иш-чарасында, деги эле ошол өзүнүн редакциялык стратегиясына да Гендердик сезимтал журналистиканы киргизсин деген максатта окутууларды жүргүзүп жатабыз.

Бул тренингге журналисттер, журналистик ассоциациялардын мүчөлөрү, өз алдынча иштеген блогерлер, активисттер дагы катышып жатат. Бүгүнкү тренингге жалпылап алганда 30адам катышты. Өзүбүз инклюзивдүү коомду түзүү аракетинде дагы сөзсүз түрдө катышуучулардын окуу тилин да сурап, аларга кайсы тилде материалдарды окууга, тренингди өтүүгө ыңгайлуу экенинин сурап, алардын талаптарына карай, 2топко бөлдүк. Орус тилдүү топ жана кыргыз тилдүү топ болду. Кыргыз тилдүү топто 20адам болду ал эми орус тилдүү топто 10адам катышты.

Мындай тренингдер азыр биз үчүн абдан маанилүү. Себеби биз буга чейин тренингдерде да айтып өттүк, изилдөөлөрдү карасак, медиада дагы аялдардын көрсөтүлүшү абдан аз. Мисалы ошол эле жалпы изилдөөлөргө таянсак, аялдардын чагылдырылуусу 20%ды гана түзөт. Кээ бир жерлерде гана, кээ бир секторлордо  30%га жетиши мүмкүн.

Мисалы жаңылыктарда же болбосо социалдык маселелерди көтөргөн учурларда. Бирок аларда дагы толук кандуу баардык аялдар туура чагылдырылган эмес. Көбүнчө абдан салттуу, стереотиптүү ролдордо, кожойке же болбосо пассивдүү ролдордо чагылдырып, ал эми өзүнүн оюн билдирген, лидер айым, саясатчы же коомдун өнүгүүсүндө өз салымын кошкон аялдар катары, билдирилген контенттер абдан аз. Ошондуктан биз аялдар Кыргызстандын жарымынан көбүн түзгөндүгү үчүн дагы ошол аялдарды туура чагылдыруу абдан маанилүү»-дейт Социалдык технологиялар коомдук бирикмесинин программалык координатору, гендердик эксперт, InKoom долбоорунун эксперти Бактыгүл Исламбекова. Анын айтымында баардык адамдар тең укуктуу жана тең мүмкүнчүлүктүү. Бул долбоордо да мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү керек.


«Бүгүнкү тренингди биздин  интернат-мектепте мурун тренинге катышып жүргөн эжей аркылуу келип калдым. Бул менин биринчи жолку тренингим. Менин буга чейин Гендердик сезимтал журналистика боюнча сабатым жок болчу бирок Гендердик тең укуктуулук боюнча билчүм. Тренингде көп пайдалуу, жаңы нерселерди ала алдым. Мисалы эле азыркы коомдо маалыматтарды ар кандай адамдар бизге кээде туура эмес жеткиргендиги жөнүндө. Аялдарга болгон көз караштар, тең укуктуулук сакталбагандыгы жөнүндө көп маалыматтарды алдым десем болот. Менин жекече оюм боюнча журналистер адамдарга маалыматтарды туура жеткириш керек. Зордук-зомбулук болгон окуянын маанилерин адамдардын кабыл алуусуна, азыркы биздин жашообузга туура маалымат берүү, эки тараптын тең укуктуулугун сактап каралса дейм да. Ошол үчүн бул тренинг журналистерге гана эмес ар бир адам катышуусу керек деп ойлойм»,-дейт тренинг катышуучусу Алина Таалайбек кызы.Окутуу катышуучуларга сертификат берүү менен жыйынтыкталды.

Айназик Кубатбекова