3- август күнү Түп районунун Ысык—Көлдү жээктей орун алган 5 айылдык китепканачылар тобу даярдаган Ысык -Көл айыл аймагынын Ысык—Көл айылында китепканачылардын «Ысык—Көл — Ч. Айтматов- Экология» аттуу областтык семинары болуп өттү.
Семинар «Ысык—Көл кечээ, бүгүн жана эртең» деген көлгө байланыштуу тарыхын, өсүп — өнүгүүсүн жана бүгүнкү күндүн эң көйгөйлүү маселеси болгон таштандылар жана андан арылуу ыкмаларын көрсөтүү слайды менен башталды .
Экология темасын боюнча окуучу кыз «Оозеки китеби» менен тааныштырды.
Ысык—Көл айыл аймагында орун алган 5 айылдын китепканачылары Ч.Айтматовдун «Бугу эне» жомогун тартуулап, тарых,экология жана адамзатка тиешелүү маселелерди чагылдырышты.
Бирден китептин авторлору болгон Сары- Булуң айылынын китепканачысы Света Тууганбаева, Михайловка айылынын китепканачысы Анара Сарыбаева өзүлөрүнүн китептеринен Ысык—Көл, жаратылыш, канаттуулар жана экологияга байланышкан ырларынан окушса, калган үч китепканачы жогорудагы темага арналган ырларды музыканын коштоосу менен аткарышты.
Түп райондук борбордук китепкананын директору Фатима Матаева семинардын темасына шайкеш келген » Желим баштыктарын ордуна кагаз баштыктарын пайдалануу» темасын көтөрүп, желим баштыктын зыяндуулугуна токтолуп, китепканачылар окурмандарына кагаз баштыкты пайдаланууга үндөөгө чакырды.
Ысык-көл айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Замира Табалдиева семинардын көтөргөн темасынын маанилүүгүнө баа берип, эс алуучулардын көлгө кылган жырткычтык мамилесине таарынып, «Кудайдын күнүндө, дем алыш күндөрү да көл жээгин тазалайбыз. Желим баштык, бөтөлкөлөрдү кой, эс алуучулар үйлөрүнө жылаңач кетеби, алардын таштап кеткен ич кийим дерин да тазалоого туура келет,»- дегени залда отургандарды аргасыздан күлүүгө алып барды.
Семинарга катышкан областык Т.Сыдыкбеков атындагы китепкананын усулчулары Ысык—Көл айыл аймагынын китепканачылары көтөргөн маселени областта жайылтууну пландап кетишти.
Айназик Кубатбекова.