"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Сел жүргөн аймактарды тазалоо иштери уланууда

10 Август 2023 жыл 11:31
Көрүүлөрдүн саны: 307

9-августка карата Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө куткаруучулары жергиликтүү тургундар жана Жарандык коргонуу кызматкерлери менен бирге кыян өткөн айылдардагы үйлөрдүн айланасын тазалоону улантышууда.

Учурда 22 бирдик техника, анын ичинен 15 инженердик техникасы жана 2 мотопомпа ӨКМден тартылган. 96 куткаруучу, жалпысынан Жарандык коргонуу тутумунун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте 322 адам иш алып барууда.

Бүгүнкү күнгө карата 57 турак үйдүн, 1 мектеп жана 1 бала бакчанын короо-жайлары, жертөлөлөр тазаланды.

ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин адистери Каркыра айыл аймагынын кооптуу тилкелеринде изилдөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, 7-августта 16:30дан 17:00 жарым сааттык сел каптап Ысык-Кол облусуна караштуу Түп районундагы 3 айылды сел каптады. Көөчү, Корумду жана Талды-Суу айылдарында үйлөр жана талаалар жабыркаган.
Айназик Кубатбекова.