Бул күн дем алыш күнүнө туш келгендиктен бүгүн 12- сентябрда Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында белгиленди.
36 айылдан келген АДКнин төрайымдарын майрам күнү менен акимдин орун басары Эрмекан Дюшебаева, Түп райондук жалпы дарылоо практикалык борборунун директору Канат Мукамбетов жана райондун имам- хатиби Бакыт Кайкиев, райондук ветеринария кызматынын жетекчиси Марат Азаев менен айыл өкмөт башчылары куттукташып, эмгек акы албаган, калктын ден соолугу үчүн алдын алуу иштерин жүргүзгөн «ден соолук дабаатчылары» атка конгон АДК төрайымдарына Ардак грамота, ыраазычылык каттары менен баалуу белектер тапшырылды. Үй — бүлөөдө, калк арасында кадырлуу адамдардан болуп жүрө беришине каалоо- тилектер айтылды.
Айназик Кубатбекова.