"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Райкан Исакова президенттин колунан сыйлык алды

4 Октябрь 2023 жыл 21:10
Көрүүлөрдүн саны: 417

Ысык-көл облусунун Түп районунун Тасма айылынын тургуну Райкан Исакова КР «Эмгек сиңирген мугалими» наамын алды. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаров өлкөгө жана элге сиңирген эмгеги үчүн сыйлыктарды тапшырган.

Райкан Исакова 34жыл мектепте физика мугалими болуп иштеген.Ал жыл аралыгында окуучуларга билим берип, таалим тарбия берип экинчи энесиндей эле болуп калган. «Мен 1971-жылы Караколдогу педогогикалык институтту бүтүп эле Тасма айылындагы Асан Сопиев мектебинде физика мугалими болуп келгем.Ушул мектепте пенсияга кеткенге чейин иштедим.34жыл эмгек тажрыйбайм бар .Мектепте иштеген мезгилде 10жыл окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп ушул 34жыл ичинде окуучуларга талбай билим тарбия бердим.Эн биринчи сыйлыгымды «Комсомол комитетинен»грамота алып баштагам,андан кийин СКА профсоюздун грамотасын, райондук, облустук жана мектептик грамоталарды алгам.2жолу Министрликтин грамотасын да алдым.Жана андан сырткары Эл агартуунун отличнигин 1993-жылы Биринчи президент Аскар Акаевдин колунан алгам,анан быйылкы жылы 31-августка карата сыйлыктарды тапшырганда кудай буюруп Эмгек сиңирген мугалим наамын алдым.

Биринчи ушул сыйлыкка татыганымды укканда аябай сүйүнүп,толкундандым. Президентке да рахмат биздин ушунча жылкы эмгегибизди баалап,пенсияга чыксам да унутта калтырбай сыйлык бергени үчүн. .Ал эми сыйлыкты президентибиздин өз колунан алып келдик.»-деп кубанычы менен тең бөлүштү Райкан Исакова.

Белгилей кетсек буга чейин Тасма айылынан мындай сыйлыкты эки гана мугалим алышкан.
Айназик Кубатбекова.