Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде суукка байлашынтуу окутуу аралыкта болот.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 13-декабрында туруксуз аба-ырайы сакталат. Мындан улам эпидемиологиялык кырдаалдын таалдашына жол бербөө максатында жана ата-энелердин өтүнүчү менен мындай чечим чыккан.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-декабрда маалымат жыйында суукка байланыштуу мектептерди онлайн режимине өткөрүү чечимини Бишкек шаарындагы окуучулардын ата-энелеринин кайрылуусунан улам кабыл алынганын айтты. Бирок мектептерге талаптагыдай жылуулук берилип жатканын белгиледи:
“Биз ар бир мектептеги даярдык тууралуу маалымат алып турдук. Кайсы бир мектепте жылуулук берилбей, өзгөчө абал пайда болсо, ошол замат реакция кылабыз. Биз буйрукту Бишкек шаарындагы ата-энелердин сунушу менен кеч кабыл алдык”,
Суукка байланыштуу окуучуларды аралыкта окутуу чечими ата-энелердин өтүнүчтөрүн эске алуу менен, ошондой эле балдардын коопсуздугуна жол бербөө максатта Кыргыз Республикасын билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жыл 12-декабрь № 55741 буйругун аткаруу жетекчилик эске алып, буйрук кылды.
Айназик Кубатбекова.