Шаменова Апал эне атындагы бала бакча мындан туура бир жыл мурда ачылган.Бир жылдык майрамы жана Ч.Айтматовдун 95жылдыгына арналган чакан концерт даярдашты.Майрамдык иш-чарага Билим берүү министрлигинен, Түп райондук билим берүүдөн жана айыл өкмөттөн коноктор келишти.
Бакчадагы балдар ырдап, бийлеп, монолог айтышып,Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Айназик Кубатбекова.