"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма: Эл аралык «Мыкты ачык саат» сынагында 2-орунга ээ болушту

21 Декабрь 2023 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны: 414

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу А. Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалим Кундуз Шалтабаева жана окуучулары «Мыкты ачык саат» сынагында 2-орунга ээ болуп баалуу белектер менен сыйланышты. Аталган сынак Билим берүү жана илим министрлиги Орусия мамлекетинин «Мир Восток» фонду менен өнөктөштүктө ишке ашкан. Ага Кыргызстандын мектептеринин мугалимдер жана окуучулар катышкан.

Сынак кыргыз — орус достукту бекемдөө жана тарыхый жана маданий мурастарды унутпай сактап, жайылтуу максатында өткөрүлдү.
Эл аралык конкурсту сыйлоо аземи КМУде өткөрүлдү. «Россия жана Кыргызстан» аталышындагы аймактык ишеним менен достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Сынак Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды талкуулоо, биргелешкен ийгиликтердин жана жетишкендиктердин тарыхын, жалпы тарыхый эс тутумду сактоо үчүн аянтча катары иштелип чыккан.

Уюштуруучулардын айтымында 120кат келип түшкөн алардын ичинен «Мыкты мектептик долбоор» жана «Мыкты ачык сааттар» тандалып алынган.
«Мир Восток» Фондунун камкорчулар кеңешинин төрөгасы Валентина Комлева Орусияда гуманитардык долбоорду колдогон уюм бар экенин билдирди.»Биз университеттер, мектептер, чыгармачыл топтор менен иштешебиз. Биздин негизги милдетибиз-мугалимдер менен жаштардын достук байланышын жана чыгармачылык демилгелерин колдоо» — деп кошумчалады Комлева.
Сынактын 2-3-орунга ээ болгон катышуучулары баалуу белектерге, ал эми 1-орунга ээ болгон мугалимдерге (10 адам)жана окуучуларга(15 адам)байге катары Москва шаарына жолдомо берилди. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу А. Сопиев атындагы Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалим Кундуз Шалтабаева жана окуучулары «Мыкты ачык саат» сынагында 2-орунга ээ болуп баалуу белектер менен сыйланышты.

Айназик Кубатбекова.