"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма:Мектепте жарыктандыруу жана жылытуу системасы алмаштырылууда

20 Март 2024 жыл 15:37
Көрүүлөрдүн саны: 224

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде ремонт иштери жүрүп жатат. 37жылдан бери жылытуу жана жарыктандыруу системасы эскилиги жетип,талапка жооп бербей калган.долбоор «Арис»тин жардамы менен ишке ашырылууда

Мектеп 1978-жылы ишке берилген.Ошондон бери жылытуу жана жарыктандыруусу алмашкан эмес.
«Мектептин жарыктарын алмаштыруу «Арис»долбоорунун жардамы менен ишке ашырылып жатат.Жалпы суммасы 7млн 466миң сомду түзөт.»Арис»тарабынан 3млн 567миң сом бөлүнмөкчү,калган сумма Айыл Өкмөт тарабынан каржыланып жатат.Мында мектептин жарыктандыруусу-электр-энергиясы толугу менен алмаштырылат жана жылытуу системасы да алмашып жатат.Биздин мектеп негизи типтүү 3 этаж болгон мектеп. 624окуучуга эсептелген.1987-жылы ишке берилген. Ошол жылдан бери 2010жылга чейин таш көмүр менен жылытылып келген, 2010-жылы электроткерамикалык жылытуу системасына өткөн.Бирок андан бери 14жыл өтүп керамикалык жылытуу системасы да иштен чыгып баштаган.Ошол учүн кайра долбоор жазып,ошол долбоордун негизинде жасалып жатат. Долбоор келишим боюнча 2айдын ичинде бүтүш керек болчу.Азыркы учурда окуучулар 11-марттан 20-мартка чейин онлайн форматта окуп атышат. Жазгы каникул 31-мартка чейин болмокчу.Демек,1-апрелден баштап оффлайн режимде сабак өтүлсүн деп Билим берүү министирлигинен көрсөтмө берилди.Ошого биз азыр 2-3-этаж бутуп калса ошол жакта окуйбуз деп атабыз же болбосо, башка альтернативдүү жолдорду издеп жатабыз.Же айыл өкмөттүн имаратына же башка имарат караштыруудабыз.»-деп билдирди мектеп директору Алик Мамытов.
Электр-энергиясына 10-20-жылга кепилдик берип жатышат.

«1-апрелге чейин жасоого мөөнөт берилген ошого даяр кылганга аракет кылып жатабыз.Эртең мененки 8:00дон кечки 18:00го чейин кээде 19:00го чейин иштеп атабыз.Электр зымдарын.Кабель каналдарын,фонарь баарын алмаштырып,жаңылап атабыз.Болушунча сапатту кылып жасап атабыз.Жаңы заманбап материалдарды пайдалануу менен 10-20-жылга чейин кепилдик беребиз.»-деди электр өндүрүш жайынын кызматчысы Рамис Оморов.

Айназик Кубатбекова,Сезим Темирова.