"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасмалык Бекжан Бейшембиев Дүйнө чемпионатында коло медаль багындырды

6 Сентябрь 2024 жыл 15:09
Көрүүлөрдүн саны: 165

Грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасындагы Иорданиянын Амман шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 45 кг чейинки салмакта катышкан Бекжан Бейшембаев коло медалга ээ болду.

Ал Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынан чыккан спортчу. Учурда Ш.Сыдыков атындагы спорт -мектепте окуп жатат. 3-классынан баштап спортко катышып, кызыгуусу арткан спортчу буга чейин бир катар турнирлерде баш байгени алып келген.


Президент Садыр Жапаров 4-сентябрда, “Ынтымак ордодо” өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта (U17) байгелүү орундарды ээлеген жаш балбандар менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз сөзүндө жаш балбандар Кыргызстандын Эгемендик майрамын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын салтанаттуу белгилөөнүн алдында жалпы кыргыз элине жакшынакай белек тартуулаганын айтты.

Айназик Кубатбекова