"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара

23 Сентябрь 2025 жыл 14:38
Көрүүлөрдүн саны: 107

Ысык Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Асан Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин окуучулары 23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнүнө карата иш чара өткөрүштү.


Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, 7-а классынын класс жетекчиси Үмүтгүл Бейшембиева мындай иш-чара жыл сайын белгиленип келерин айтып, максаты окуучулар эне тилин сүйүүгө, урматтого, сактай билүүгө , баалоого,тереңдетип үйрөтүүгө багытталарын кошумчалады:

“Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын кенен кесир үйрөнүшөт. Кыргыз эли илгерки улут болгондуктан Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы дастан, манас айтуу эпосторго көбүүрөк токтолобуз көркөм айтууга үндөйбүз. Бүгүнкү линейкада өзүм жетектеген 7-а классынын окуучулары Кыргыз тилин даңазалап ,табышмактарды, эне тил жөнүндө көркөм ырларды айтышты.Кыргыз элинин улуттук дөөлөттөрүн ,үрп адаттарын чагылдырып берүүгө аракет жасашты.”

 

Мугалимдин айтымында бул күнү окуучуларга качантан бери Кыргыз тили «Мамлекеттик тил»деген макам кайсы жылы, кайсы айда кабыл алынганы тууралуу маалыматтары берилет. Көбүнчө азыр башталгыч класстын окуучулары «Эл аралык эне тил» күнү менен «Мамлекеттик тил»күнүн ашмаштырып алышат. Аны биз түшүндүрүп, айырмалап беребиз. Жогорку класстын окуучулары аны билип, айырмалай алышат.

“Бул күн биз үчүн Кыргыз эли үчүн маанилүү анткени биздин өзүбүздүн Мамлекеттик тилибиз бар. Азыр айрым улуттар жоголуп кетуу коркунучунда турат.Өзүлөрүнүн улуттук тили жоголуп кетүү коркунучунда турат.Бул эмнеге байланыштуу десек ошол тилде сүйлөгөн адамдардын өтө аздыгы. Азыр мамлекеттик тилибизге маани бере баштады ар бир кыргыз жараны, бардык көрнөк жарнактар, мамалекеттик иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат ошол себептен маанилүү”- деп айтты Үмүтгүл Бейшембиева.

 

Даярдаган:Айэлина Ринатова