Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы “Нур фм” Жамааттык мултимедиа борборунун кабарчылары үчүн жаңылык жазуу боюнча 2 күндүк окуу уюштурулду. Ага 6-7-8-9-класстын окуучулары кабарчы катары тандалып алынды.
Тренингдин катышуучусу Айбийке Мирбекова окуу пайдалуу болгонун айтат:
“Мага бүгүнкү треннинг абдан жакты. Бүгүнкү тренинг өтө сонун болду. Көптү үйрөндүм. Көп адамдардан интервью алдык. Көп маалымат алдык. Кантип интервью алганды, сайтка чыгарганды үйрөндүм” -деп билдирди.

Кыргыз тили мугалими Гулбара Жениш кызы окуучулар учун мындай треннингдин мааниси абдан чоң экенин белгиледи. Окутуудан соң эми алар айылдагы жаңылыктарды байма-бай жазып Тасма айылынын сайтына чыгарып турушат:
“Окуучулар мында сабаттуу жазууга, сөз байлыгын өстүрүүгө умтулушат. Ушундай треннингдер көп болсун. Кабарчылар айылда болгон маанилуу жанылыктарды, өнүгүүлөрдү айылдын тургундарына жеткирип турушат. Мектепте да көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чаралар тууралуу айылдын тургундарына сайт аркылуу жеткирип туруу абдан чон роль ойнойт. Мектепте, айылдын турмушу тууралуу жанылыктарды жазууга пландап жатам“.
Мындай окутууларды Жааматтык ЖМКлар бирлиги ар дайым аймактардагы медиа борборлорго барып, кабарчылар үчүн уюштуруп турат. Бул жолу Жамааттык медианын журналисти Айгерим Кубатбекова кыргыз медиа сайтына жаңылык жасоо, материал даярдоо боюнча треннинг өттү:

“Бүгүн окуучулар жаңылык жазуу боюнча маалымат алып, кантип сайтка материал даярдаш керек экендигин, теориялык жана практикалык жактан өздөштүрүштү. Эки күн ичинде алган маалыматтардын негизинде маалыматтарын сайтка жанылык кылып жазып чыгышты”.
Даярдаган: Хадия Сүйүндүкова