"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Таза айыл — жарык келечек 

26 Ноябрь 2025 жыл 21:46
Көрүүлөрдүн саны: 67

Ысык-кол областынын Туп районуна караштуу Тасма айылына таштанды ташуучу машина келип жатканы элге кубаныч тартуулады.Ал айлана- чойронун тазалыгын сактоого жардам берет,жугуштуу оорулардан алдын алат жана жашоо шартын жакшыртат.

Таштанды ташуучу унаанын кызматкери Нурбек Сатаров бул кызматты чоң жоопкерчилик деп эсептей турганын айтты:
» Эртен мененки саат 8 де ишке чыгабыз. Ар бир көчөдөгү таштандыларды жыйнап чыгабыз. Кээде айыл тургундары да жардамдашып калышат. Айрым учурларда таштандылар туура салынбайт, айнек же башка кооптуу заттар чыгып калат. Башында түшүнбөгөндөр болду. Азыр болсо көнүп калышты. Көбү ыраазычылык айтып турушат. Бул мен үчүн — тиричилигимди камсыз кылган жумуш. Коом үчүн пайдалуу кызмат деп эсептейм.
Биз айына эки жолу, белгиленген күндөрү айыл ичин кыдырып чыгабыз. Ар бир көчөгө токтоп, таштандыны жыйнайбыз. Айрым тургундар таштандыны туура эмес жерге коюшат. Ошол жагынан кыйын болот. Атайын кийим кийебиз, колкап тагынып, тазалыкка жана коопсуздукка көңүл бурабыз.
Экологияга өтө чоң пайдасы бар. Таштанды туура чогултуп, айыл таза болсо экология да жакшырат » дейт Нурбек Сатаров .

Айыл тургуну Асел Байсариева таштанды ташуучу унаанын келиши — чон кубаныч экенин айтып, бул жанылыкка абдан суйунуп жатканын белгиледи:
» Биздин айылга таштанды ташуучу машина келе баштаганы- чон озгоруу болду. Эл мурда таштандыларды озу жок кылууга аракет кылчу, кээде туура эмес жерлерге тогуп коюшчу. Азыр болсо атайын таштанды ташуучу машина белгиленген кундору келип,таштандыларды чогултуп кетет. Бул айылдын тазалыгын сактоого, айлана-чойронун булгануусун азайтууга жардам берип жатат.
Эми айыл дагы корктуу болуп, жашоочулар да тазалыкты карманууга конуп калышты. Таштанды ташуучу машина- айыл учун пайдалуу жана керектуу кызмат.» дейт Асел Байсариева.


Даярдаган: Адилия Акунова.