Ыссык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тасма айылында чакан кийим тигүүчү цех ачылды. Аталган айылдын тургуну Жазгүл Каныбек кызы башка тургундарга жумуш ордун түзүп берүү менен биргеликте айылга өз салымын кошууну каалайт.

Жазгүл Каныбек кызы азыркы учурда кышка байланыштуу иш токтоп турганын билдирди: «Цехти ачуудагы эң алгачкы максатым, айыл тургундарына иш жумушун орнотуп берип, айылга салымымды кошуу жана өзүмө дагы иш ордун түзүү. Эң алгач ачылганда дем алышсыз жумуш болуп жатты. Жалпысынан биринчи күндөн бешинчи күнгө чейин иштейбиз. Кээде буйрутмалар шашылыш болгондо дем алышсыз иштеп калабыз. Кээде түнгө чейин калып калабыз, кээде бош болуп калабыз. Жумуштун жүрүшү ар кандай, буйрутмалардын келишине жараша. Ал эми иштин этаптары эң алгач материалга продукциянын сөлөкөтүн түшүрүү, бычуу андан соң тигүү. Учурда үч адам иштейбиз. Бирок кышка жана цехтердин жумуштары токтотогонуна байланыштуу азыркы убакта иштебей элебиз. Буюрса он беш күн ичинде кайрадан жумушубузду баштайбыз. Жаңы жылга карата бажылардын жабыгына байланыштуу азыр жумуш убактысы токтоп турган маал. Цехте ар кандай кийимдер тигилет. Айымдардын жана жаш балдардын кийимдерин көбүрөөк чыгарабыз. Кышкысын куртка, жилеттер, жайкысын көйнөк, шымдарды тигип калабыз. Жумушчулардын тажырыйбасы барын деле жогун деле ала беребиз. Эгерде тажырыйбам жок үйрөнөт элем десе үйрөтүп алабыз. Үйрөтүп жумуш ордун түзгөнгө аракет кылабыз».

Даярдагандар: Диана Жайлобаева, Жаннат Жайлообаева.