Бала чагынан нокто жасоону кызыгып, өзү өздөштүрүп алып андан соң аны кичинекей бир бизнес катары жүргүзгөн Тасма айылынын тургуну Алым уулу Аваз менен маектештик
.
Нокто жасоону кайдан үйрөндүңүз же өзүңүз эле өздөштүрүп алдыңызбы?
-Нокто жасоону өзүм кызыгып өздөштүрүп алдым жана өзүм жасайм. Кичинекей кезимде көрүп кызыкчымун. Андан кийин аракет кылып отуруп үйрөнүп да алдым. Азыр кичинекей бизнес катары жүргүзүп жатам десем да болот.
Бул нерсени бизнеске айлантуу кантип оюңузга келди?
– Көп адам көрүп, жасатып алышчу. Айыл элине сатып калдым. Андан соң буйрутмалар да келе баштады. Кээде базарга барганда ала барып ал жактан деле сатып коём. Эң алгач элдин суранычы менен башталган десем болот. Элимдин керегине жарайын деп аракет кылып атам.
Бир ноктонун баасы канча сом?
– Бир ноктонун баасы миң сом. Жүгөндөр беш жарым алты миңге чейин кетет. Эң арзаны миң сом. Ар кандай баада болуп калат. Тигилишине, түрүнө жана ага кеткен материалдардын баасына жараша болот.
Бир күндө канча нокто жасайсыз?
– Бир күндө эки, үч нокто тигем. Көбүнчө бош болгон учурда алектенем. Көбүрөөк убакыт бөлгөндө көп эле тигем, бошобой калган күндөрү жасабай да калам.
Даярдагандар: Диана Жайлобаева, Жаннат Жайлообаева