"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Кар үстүндөгү кубаныч

10 Январь 2026 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны: 61

Ысык-Кол облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жаштар үчүн көңүл ачуучу жаны жай ачылды. Балдар гана эмес, ата-энелер да келип, балдары менен кошо түшүп, бирге эс алып жатышат.

Балондун ээси Адилет Абдыгапаров эмки жылы дагы ушул иш менен алектенерин билдирди:
» Бул балондун ишин былтыр баштаганбыз.Жаштарды ойнотолу, кичине кан айланып, ары-бери басып, кыймылдуу болсун, кечке телефондо отура бербей. Сыртка чыгып ойноп, ден соолукка пайдалуу болсун деп ачтык.Муну атайын Кытайдан буюртма менен алдырганбыз. Азыр элге жагып, келуучулор кобойуп жатат. Акчаны актайт.Коньки ачалы десек кулап жаракат алгандар коп болот ал эми балон болсо коопсуз, балдар кулап калса да жаракат албайт.Ошондуктан ата-энелер да тынчсызданбай, балдарын алып келип турушат.Балдарды ээрчитип, ата-энелер да келип тушуп, балдары менен кошо көңүл ачышат. «дейт Адилет Абдыгапаров

Даярдаган: Адилия Акунова, Нурайым Акунова