"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Үй шартында таттуу бизнес

12 Январь 2026 жыл 17:35
Көрүүлөрдүн саны: 75

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында түрдүү таттууларды жасаган Гүлзат Чекирова менен маектештик.

Канча жылдан бери кондитер болуп иштейсиз?

-Мен 1-жылдан бери кондитер болуп иштеп келе жатам. Кийинки жылдары дагы ушул жумуш менен алектенем.

 

Кондитерликке кантип кызыгып калдыңыз?

-Мен кичине чагымда эле таттууларды жасаганга кызыкчумун. Ошондон кийин онлайн сабактарга катышып кызыгуум күчөдү.

 

Үй шартында иштөөнүн артыкчылыктары эмнеде деп ойлойсуз?

-Үй шартында иштөөнүн эң негизги артыкчылыгы — эркиндик. Өз убактыңды өзүң туура пландап, ар бир буйрутмага өзгөчө көңүл бура аласың. Кардар менен түз байланышта болуп, алардын каалоосун так аткарууга мүмкүнчүлүк болот. Мындан тышкары, үйдөн иштөө чыгымдарды азайтат: ижара акысы жок, жолго убакыт кетпейт. Үй-бүлөгө да, жумушка да жетишип, сапаттуу жана даамдуу продукция даярдоого шарт түзүлөт.

 

Кайсы майрамдарда көбүнчө буйрутма беришет?

-Айрыкча туулган күндөрдө ,жаңы -жылда ,8-март жана 23-февралда көбүнчө буйрутма беришет.Мындай күндөрү кардарлар өзгөчө кооздолгон, тортторду жана таттууларды буйрутма кылышат.

 

Бир буйрутманы аткарууга орто эсеп менен канча убакыт кетет?

-Бир буйрутманы аткарууга орто эсеп менен 3 саатка жакын убакыт кетет. Жөнөкөй торттор 1-2 саатта даяр болсо, ал эми өзгөчө дизайндагы, көп катмарлуу тортторго 3-4 саатка чейин убакыт талап кылынат. Баары буйрутманын татаалдыгына, көлөмүнө жана кооздолушуна жараша болот.

 

Иште кайсы этап эң татаал деп эсептейсиз?

-Иштин эң татаал этабы тортту кооздоо деп эсептейм. Анткени бул жерде тактык, чыдамкайлык жана чыгармачылык абдан маанилүү. Кардардын каалоосун толук аткарып, майда-баратына чейин туура чыгарыш керек.

 

Кардарлар көбүнчө эмнеге басым жасашат?

-Кардарлар көбүнчө торттун даамына жана сапатына басым жасашат. Андан кийин сырткы көрүнүшү, кооздолушу жана дизайн канчалык тыкан экенине көңүл бурушат. Ошондой эле табигый азыктардан жасалганы, жаңы экендиги жана өз убагында даяр болуп берилиши кардарлар үчүн маанилүү.

 

Тортторду же кандайдыр бир жасаган нерсенизди дүкөндөргө өткөрөсүзбү?

-Дүкөнгө мурун жаңы баштаганда өткөзчүмүн,азыр өткөзбөйм жөн эле буйрутма бергендерди жасайм.

 

Кондитердиктен тышкары башка иш менен алектенесиз би?

-Ооба, бала-бакчада ашпозчу болуп иштейм.

Даярдагандар: Айэлина Ринатова, Нурайым Акунова.