"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Айылдагы саламаттык сактоонун негизи-ҮДБ нын иши.

22 Январь 2026 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 49

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында айыл тургундарына алгачкы медициналык жардам көрсөткөн ҮДБ нын ишмердүүлүгү коом үчүн абдан маанилүү. Биз ҮДБ нын кызматкерлери менен маектешип, алардын күнүмдүк иши, көйгөйлөрү жана жетишкендиктери тууралуу маек курдук.

Бул ҮДБ мурун дарыкана болчу, кийин 2002-жылы ачылган.Күнүнө бул жака 30дан ашык адам келет. Биздин негизги милдетибиз алгачкы медициналык жардам көрсөтүп,оорулардын алдын алып,калкты эмдөө жана шашылыш учурларда жардам берүү иштери аткарылат. Зарыл учурда бейтаптар райондук ооруканага жөнөтүлөт.Кээ бир учурларда балдар келип салмагын, боюн текшертип кетишет. Бул жакта 3 медайым жана 1 оорукананы тазалоочу кызматкерибиз бар. Мен ҮДБда 36-жылдан бери иштеп келе жатам.ҮДБ-калкка үй-бүлөлүк медициналык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо мекемеси. Бул жерде дарыгерлер жана медайымдар жарандарды кабыл алып ,ооруларды аныктап ,дарылоо жүргүзүлөт.ҮДБда балдарга,чоңдорго жана улгайган адамдарга медициналык көзөмөл көрсөтүлөт. Ошондой эле эмдөө жүргүзүлүп, ооруларды алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери аткарылат.ҮДБ калк үчүн жеткиликтүү жана үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт. Көбүнчө бизге жогорку кан басымы боюнча көп учурларда кайрылышат . Мындай учурларда медайымдар кан басымды өлчөп, зарыл болсо кеңеш берет жана дарылоо жолун көрсөтөт.Бейтап райондук ооруканага убагы келгенде ,жата турганда бизге кайрылышат ошого бейтаптарды райондук ооруканага жөнөтөбүз . Эң көп тараган оорулар кан басым, анемия жана бөйрөк оорусу . Мен жаштарга доктур болууга кеңеш берем ,азыр көбүнчө айылда доктурлар көп жок болгондуктан доктурдун окуусун окууга кеңеш берет элем. Айыл тургундары эмдөө жана жугуштуу оорулар боюнча билиши керек. Биздин максат -айыл эли оорубай,саламатта жашашы үчүн шарт түзүү. Ар бир жаран өз убагында медициналык жардам алышы керек дейт Азат Кокумбекова.

Даярдагандар: Нурайым Акунова, Айэлина Ринатова.