Ысык-Кол облусунун Түп районуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков 2026 жылдын 16- январында келип, мектеп окуучулары үчүн атайын форум өткөрдү. Форумдун негизги максаты — окуучуларды билимге умтулууга чакыруу, алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү жана активдүү жаран болууга шыктандыруу болду. Иш чарага ар кайсы мектептерден келген окуучулар активдүү катышты. Алардын арасында Тасма айылынан келген мугалим жана анын окуучулары форумга жигердүү катышып, талкууларга өз салымдарын кошушту. Форумдун жүрүшүндө окуучулар өз пикирлерин билдирип, сунуштарын айтышты.
Ширин Жанекова форум окуучулар үчүн маанилүү тажрыйба экенин айтып, мындай иш-чаралар билимге кызыгууну арттырып, жаштарды жоопкерчиликке жана биримдикке тарбиялай турганын белгиледи:
«Табылды буга чейин эле окуучулар менен мыкты иштерди уюштуруп келет. бул форум биринчиси эмес.Ар бир форумда окуучулардын билимге,саякаттарга ,тил үйрөнүүгө болгон кызыгуулары байкалып турат.Табылды ар бир өткөн форумдунда үлгүлүү инсандарды (ар кайсы тармактагы)алып келип окуучуларга мотивация берет,жана окуучулар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүкторду айтат. Менин оюмча, мектеп парламентин иши мектеп жашоосуна жакшы таасир берет. Ал окуучуларды жоопкерчиликтүү болууга, лидерликке жана биримдикке үйрөтөт.» Дейт Ширин Жанекова.

Форумга катышып келген окуучулардын бири — Алтынай Жолочиева форум тууралуу өз ой- пикири менен бөлүштү. Бул иш-чара абдан пайдалуу жана кызыктуу өткөнүн билдирди:
«Форумга барган абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Ал жактан башка мектептен келген окуучулар менен таанышып, тажрыйба алмаштык. Ар түрдүү темалар талкууланып, ой-пикирлер айтылды. Окуучулардын лидерлик, жоопкерчилик жана активдүүлүк тууралуу сүйлөгөнү абдан кызыктуу болду. Форумдан үйрөнгөн жаны идеялар мектепке колдонулса , мектептеги иш-чаралар кызыктуу жана пайдалуу болмок. Бул озун өнүктүрүүгө, жаңы досторду табууга жана мектеп жашоосуна салым кошууга чоң мүмкүнчүлүк. » Дейт Алтынай Жолочиева

Даярдаган: Адилия Акунова, Жаңыл Туратбекова