"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Спортту жана активдүү эс алууну жайылтууга багытталган муз аянтчасынын ишмердүүлүгү.

30 Январь 2026 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны: 44

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында иштеп жаткан муз аянтчасы спортко кызыккан жарандар үчүн шарт түзүп, активдүү эс алууну колдоого алып келет. Аянтчаны уюштурган демилгечилер менен болгон маекте анын иштөө тартиби, максаты жана коом үчүн мааниси тууралуу маалымат алдык.


Муз аянтчасын ачкан Перизат Кайрат кызы бул демилге айылдагы балдар менен жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шар түзөрүн билдирди:

«Биз жолдошум экөөбүз негизи эле кыялданчубуз,бир айылга керектүү нерсе ачсак деп.Анан ошол кыялыбыз акырындык менен ишке ашып муз аянтчасын ачып кеттик мына 2чи жылы иштетип атабыз. Негизи азыр баары эле Караколго барып муз аянтчасында ойноп келип атышат ошол себептен Караколго барбай эле айылдан эле тебип турушса деген ой менен ачканбыз.Биринчи жолу ача албай калдык анан экинчисинде аракет кылып ачып кеттик.Муз аянтчасын ачууга 2-жумадай убакыт кетти. Биз чоң суудан алып тоңдурдук себеби чоң суудан алып тоңдурганда жылмакай,тегиз болуп калат экен.Биз муз аянтчасында үй-бүлөбүз менен иштейбиз.Негизи коопсуздук каралган, отургучтарды алып келип койгонбуз , анан айыл жергесинде баары эле коньки тепкенди үйрөнүп алгандарына байланыштуу отургучтар деле керек эмес экен, анан отургучтарды колдонушкан жок.Биринчи жардам көрсөтүүгө дары-дармектерибиз бар.Айыл өкмөтү же демөөрчүлөр жардам беришкен жок биз өзүбүздүн каражатыбыз менен ачтык.50конькибиз бар,ар кандай өлчөмдөрү менен.28ден 42өлчөмүнө чейин бар.Башка айыл тургундары дагы муз аянтчасына келип жатышат,көбүнчө жаштар басымдуулук кылышат экен, ошол жаштардын талабына ылайыкташтырып музыка уюштуруп бердик.Кийинки жылдары мындан дагы өркүндөтөлү деп жатабыз.Быйыл жумуш убактысы саат 13:00 дон 20:00 го чейин мектеп окуучуларына, ал эми 20:00дон 22:00го чейин сырттагы студенттерге ылайыкташтырдык. Аба ырайы суук болуп турса муз аянтчасы жакшы сакталат. Кээде күн жылып кетсе, кайра оңдоп, суу куюп турабыз. Аянтчаны кеңейтип, жарыктарды коюп, мелдештерди уюштурмакпыз» дейт Перизат Кайрат кызы.

Даярдагандар: Нурайым Акунова,Айэлина Ринатова,Адилия Акунова