"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Жаш курагына жараша жүргүзүлүүчү эмдөө – кооптуу оорулардын алдын алуу жолу.

18 Февраль 2026 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 34

Жаш курагына жараша жүргүзүлгөн эмдөөлөр адамдын ден соолугун коргоодо маанилүү орунду ээлейт. Айрыкча 11 жана 16 жашта жасалуучу эмдөө селейме, дифтерия жана көк жөтөл сыяктуу кооптуу оорулардын алдын алат. Дарыгерлер бул эмдөөнү ар 10 жыл сайын кайталап алып туруу зарыл экенин белгилешет.

Бул тууралуу Түп районунун Тасма айылынын мед айымы Азат Кокумбековадан интервью алдык.

Бул эмдөө кайсы жашта жасалат?
— Бул жаш курагына жараша жүргүзүлүүчү эмдөө. Балдар аны кичинекей кезде алышат. Кайрадан 11 жашта жана 16 жашта сайылат. Андан кийин ар 10 жыл сайын кайталап туруу керек. Жалпы 56 жашка чейин жүргүзүлөт.
Бул эмдөө кайсы ооруларга каршы?
— Бул эмдөө көк жөтөлгө, селеймеге (столбняк) жана дифтерияга каршы жасалат. Курамында ушул ооруларга каршы коргоочу заттар бар.
Селейме кандай оору?
— Селейме өтө коркунучтуу дарт. Эгер адам бул ооруга чалдыкса, абалы оорлошуп, өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн. Ошондуктан бул оорунун алдын алуу абдан маанилүү.
Эмдөөнү алуу милдеттүүбү?
— Ооба, бул эмдөөнү сөзсүз алуу керек. Анткени ал адамдын ден соолугун коргойт жана кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алат.
Эмдөө тууралуу маалымат кайсы жерде талап кылынат?
— Жогорку окуу жайларга тапшырууда да бул эмдөөнү алган-албагандыгы тууралуу маалымат суралышы мүмкүн.
Даярдаган; Мадина Үсөнова