"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Тасма айылында сейрек кездешкен туман байкалды

21 Февраль 2026 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны: 33

19-февраль күнү түштөн кийин Түп районунун Тасма айылында туман түшүп, азыркыга чейин уланууда. Айыл тургундарынын айтымында, буга чейин айыл аймагында мындай көрүнүш дээрлик байкалчу эмес.

Бул табигый кубулуш тууралуу Тасма айылынын тургуну, пенсиядагы география мугалими Садабаев Ороз агай өз пикирин билдирди.
Ороз агай, бул көрүнүштү кандай түшүндүрсө болот?
— Туман — абадагы суу буусунун муздап, майда тамчыларга айланышынын натыйжасында пайда болгон табигый кубулуш. 19- февралда абанын температурасы өзгөрүлүп, кечке жуук муздоо байкалган. Шамалдын дээрлик болбогону да нымдын жерге жакын катмарда кармалып калышына шарт түзгөн. Натыйжада туман пайда болуп, ал кийинки күндүн түш маалына чейин сакталды.
Айылыбызда буга чейин туман көп болчу эмес эле…
— Ооба, Тасма айылы тоого өтө жакын эмес, адырлуу аймакта жайгашкан жана көлгө да жакын эмес. Ошондуктан туруктуу туман сейрек кездешет. Бул жолку көрүнүш — аба ырайынын убактылуу өзгөрүшүнө байланыштуу болгон табигый кубулуш деп эсептейм.
Түнкүсүн аба муздап, эртен менен жерге жакын катмарда ным топтолгондо туман түшөт.
Белгилей кетсек, туман 19-февраль күнү саат 12:00 чамасында байкалды .
Даярдаган; Адилия Акунова