8-март — Аялдардын эл аралык майрамы Түп районунда өзгөчө маанайда белгиленди. Бул күнү район аймагында кылым карыткан, 100 жаштан ашкан 7 эне жашап жатканы белгилүү болду. Жаз менен кошо келген бул майрам энелердин мээримин, ак батасын даңазалаган өзгөчө күн болуп эсептелет.
Кылымдан ашык өмүр сүргөн бул энелер эки доордун оош-кыйышын башынан өткөрүп, турмуштун ар кыл сыноолорун көрүп келишкен. Алар бүгүн да өздөрү жашаган айылдардын гана эмес, бүтүндөй райондун сыймыгы болуп саналат.
Түп районундагы 100 жаштан ашкан энелер:
▪️ Өмүрзакова Батыш — 1926-жылы туулган, 100 жашта, Корумду айылы
▪️ Садабаева Жоошкан — 1925-жылы туулган, 105 жашта, Токтоян айылы
▪️ Шоорукова Үпөл — 1925-жылы туулган, 101 жашта, Кен-Суу айылы
▪️ Чокчоева Жоошкан — 1918-жылы туулган, 108 жашта, Жылуу-Булак айылы
▪️ Дыйканбаева Канымжан — 1916-жылы туулган, 110 жашта, Жылуу-Булак айылы
▪️ Жазыкбекова Тынчылык — 1922-жылы туулган, 104 жашта, Балбай айылы
▪️ Суранова Момункан — 1925-жылы туулган, 101 жашта, Арал айылы.
8-март майрамына карата Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Түп районунун мамлекеттик администрациясынын баалуу белектери энелерге тапшырылды.


Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Руслан Сарымсаков жана Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Канатбек Курманалиев энелердин үйлөрүнө барып, майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырып, ак баталарын алышты.
Кылым карыткан энелер — элдин тарыхын, каада-салтын жана руханий байлыгын сактап келген улуу муун.
Бар болгула, руханий байлыгыбыз болгон энелер!
Даярдаган: Жумакадыров Муратбек