Түп районунда 2026-жылга карата социалдык контракт алкагында 192 жаранга 150 миң сомдон каражат берүү пландалууда.
2026-жылдын 16-мартында Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында социалдык контракт маселеси боюнча отурум өткөрүлдү. Жыйынды райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Нуржан Алапаева алып барды.

Маалыматка ылайык, райондук комиссия айыл аймактардан сунушталган талапкерлердин документтерин карап чыкты.
Каркыра айыл аймагына 55 орундук квота бөлүнүп, анын ичинен 32 жаран комиссиянын кароосунан өтүп, жактырылды.
Карасаев айыл аймагына 27 квота каралып, 8 жарандын документтери даярдалып өткөрүлдү.
Түп айыл өкмөтүнө берилген 49 квотанын алкагында 14 жаран документтерин тапшырып, кароодон өттү.
Балбай айыл аймагына 48 квота бөлүнүп, 21 жарандын иш кагаздары даярдалып сунушталды.
Жыйынтыгында, жалпы 75 жаран социалдык контракт алууга документтери менен райондук комиссия тарабынан жактырылды.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров