Түп районунун Карасаев айыл аймагында 20-март күнү “Салам сага, санжыралуу Ноорузум” аттуу майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул иш-чарага айыл аймакка караштуу 8 айылдын мектептери жана бала бакчалары активдүү катышып, кыргыз элинин улуттук тамак-аштарын даңазалаган сынак уюштурулду.
Сынактын жыйынтыгында:
Арал айылынын Ашымов атындагы мектеби ыраазычылык кат жана 10 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду;
2-орунду Тасма айылынын А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектеби багындырды жана 7 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды;

3-орунду Кош-Дөбө айылынын Тезеков атындагы орто мектеби ээледи жана 5 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду.
Мындан сырткары, жигердүү катышкан мектептер жана бала бакчалар айыл өкмөтү тарабынан ыраазычылык кат жана 3 000 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, улуттук ыр-бийлер, каада-салттар чагылдырылып, майрамдык маанай тартууланды.
Биз Карасаев айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ногоева Гүлмира айымдан кыскача маек алдык:
— Бул иш-чаранын негизги максаты эмнеде?
— Нооруз – бул жаңылануунун, биримдиктин майрамы. Биздин максат – жаш муундарга улуттук баалуулуктарды жеткирүү, салт-санааны унутпай сактоого үндөө. Мындай сынактар аркылуу окуучулар өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүп, улуттук тамак-аштарды даңазалашат.
— Катышуучулардын деңгээли тууралуу эмне айтасыз?
— Абдан жогорку деңгээлде даярдык көрүшүптүр. Ар бир мектеп жана бала бакча өзгөчө ыкма менен катышып, улуттук ашканабыздын байлыгын көрсөтө алышты. Бул биз үчүн чоң сыймык.
— Мындай иш-чаралар мындан ары да уланабы?
— Албетте, улантылат. Элдин башын бириктирген, тарбиялык мааниси чоң иш-чараларды дагы да көбөйтүүнү пландап жатабыз.
Жыйынтыгында, “Салам сага, санжыралуу Ноорузум” аттуу иш-чара айыл тургундарына көтөрүңкү маанай тартуулап, улуттук баалуулуктарыбызды даңазалаган маанилүү маданий окуялардын бири болду.
Даярдаган: Нурайым Акунова