"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди

22 Март 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны: 13

Түп районунда Улустун улуу күнү – Нооруз майрамы кеңири масштабда белгиленди. Майрамдык иш-чаралар район аймагындагы ар кайсы айылдарда уюштурулуп, улуттук оюн-зооктор, спорттук мелдештер жана улуттук тамак-аштар менен коштолду.

 

Салтанаттын расмий бөлүгүн Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгунов ачып, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Муратбеков жана жергиликтүү мекеме жетекчилери тургундарды Нооруз майрамы менен куттукташты.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө маданият кызматкерлери жаздын келиши, жаратылыштын жаңылануусу жана күн менен түндүн теңелүүсүн чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүү тартуулашты. Ошондой эле ак элечек энелер аластоо ырымын жасап, келген конокторго сүмөлөк ооз тийгизишти.

 

Майрамдын алкагында боз үй жасалгасы жана улуттук тамак-аш боюнча сынактар уюштурулду. Боз үй сынагында биринчи орунду Түп айылынын борбордук аймагынын тургундары ээлеп, 10 миң сом байгеге ээ болушту. Экинчи орунду базардагы соода кызматкерлери алып, 8 миң сом, үчүнчү орунду Шаты айылы 6 миң сом менен камсыз кылды. Ал эми Бирлик айылы төртүнчү орунду ээлеп, 4 миң сом сыйлык алды.

 

Улуттук тамак-аш сынагында ЖПДБ, социалдык коргоо жана райондук билим берүү бөлүмдөрү алдыңкы орундарды багындырып, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Мындан тышкары, спорттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө байгелерди айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгунов тапшырды.

Даярдаган: Муратбек Жумакадыров