"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Малдардын шарп оорусу: дарылоо, алдын алуу жана ветеринардык көзөмөл

25 Март 2026 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 8

Акыркы учурда шарп оорусунун учурлары көбөйүп жатат. Бул оору малдын өндүрүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир этет. Ооруну убагында аныктоо жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул боюнча Тасма айылынын ветеринардык даарыгери Таалайбек Аликенов менен маек курдук.


Малдар эмне себептен ооруп калышы мүмкүн?

-Малдардын орууганын себеби тоютту начар бериштен, иммунитети аз болгондо ооруйт.

Алардын ооруп жатканын кантип билсе болот?

-Малдар ооруп жатканда биринчиден малдын канын алып, лабаротияга жиберип ошонун негизинде кайсы оору экенин аныктайбыз.

Биринчи кандай чара көрүү керек?

-Биринчи тоютту жакшы кылыш керек ал эми өзү ооруп баштаганда, арыктай баштайт, чөп жеп, ичүүсү начарлайт.

Оорулуу мал башка малдарга жугушу мүмкүнбү? Кантип?

-Оорулуу малдыкы жугушутуу болсо башкаларга да жугат. Кээ бирөөлөр инфекционный оору деп коёт. Ошол инфекционый оорулар бири- бирине жугуп ооруп калышы да ыктымал.

Эң көп кездешкен оорулары кайсылар?

-Малдардын эң көп кездешкен оорусу бул орус тили менен айтканда «йашур» кыргыз тили менен айтканда «шарп» оорусу. Азыркы учурда айылыбызда да малдардын көбү ушул оору менен ооруп жатат. Аларды көзөмөлдөп, укол куюп, даарылап жатабыз.

Эмне үчүн кээде жакшы каралган мал да ооруп калат?

Жакшы каралган малга жугуштуу оорулардан же иммунитети начар малга жабышат.

Шарп кантип пайда болот?

Шарп аба аркылуу жукчу оору. Аба менен келет.

Бир эле оору ар башка малда ар кандай өтүшү мүмкүнбү?

Өтүшү мүмкүн. Ар бир малда ар башка болушу да ыктымал. Бир малдан экинчи малга да өтөт.

Даярдаган: Диана Жайлобаева