"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түптө 75 үй-бүлөгө 150 миң сомдук сертификат тапшырылды

7 Апрель 2026 жыл 15:15
Көрүүлөрдүн саны: 4

6-апрель 2026-жылы Түп районунда жөлөкпул алган 75 үй-бүлөгө 150 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттар тапшырылды. Бул жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомуна ылайык “Социалдык контракттын негизинде социалдык-экономикалык жардам” программасынын алкагында берилди.

 

Сертификаттарды Түп районунун акими Тимур Мадяров, акимдин орун басары Нуржан Алапаева жана райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Канатбек Курманалиев куттуктоо сөздөрү менен тапшырышты.

 

2026-жылга Түп району боюнча жалпы 192 квота бекитилген. Бүгүнкү сертификат ээлеринин ичинен 71 үй-бүлө мал чарбачылыгы багытында, 3 үй-бүлө мөмө-жемиш (малина, карагат, бүлдүркөн) өстүрүүдө, ал эми 1 үй-бүлө майда соода багытында иш алып барууну пландаштырууда.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө 2023–2024-жылдары социалдык контракт аркылуу жардам алып, учурда ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан жарандар — Тогуз-Булак айылынын тургуну Наргиза Айтназарова, Михайловка айылынан Мээрим Хиснулинова жана Кутургу айылынан Жанат Кадыракунова өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар жакынкы жылдары кирешелерин көбөйтүп, алгачкы миллионерлерден болууну максат кылып жатышканын белгилешти.

 

Белгилей кетсек, акыркы төрт жылда Түп районунда 722 үй-бүлө социалдык контракттын негизинде жардам алып, өздөрүнүн жашоо шартын жакшыртууга жана жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк түзүштү.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров, Мадина Үсөнова