"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

“Манас таануу” – жаштардын руханий таймашы

8 Апрель 2026 жыл 22:38
Көрүүлөрдүн саны: 53

8-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы жана “Жаш манасчылар” кароо-сынагынын облустук туру мазмундуу жана таасирдүү өттү.
Бул иш-чарага Ысык-Көл облусунун ар кыл аймактарынан – Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң , Ысык-Көл райондорунан, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынан, райондук жана шаардык этаптарда жеңишке жетишкен мыкты окуучулар катышып, өз билимдерин жана өнөрлөрүн сынашты.

“Манас таануу” таймашында катышуучулар улуу “Манас” эпосу боюнча терең билимдерин көрсөтүп, суроолорго так жана мазмундуу жооп берүү менен өздөрүнүн даярдыгын далилдей алышты. Ал эми “Жаш манасчылар” сынагында окуучулар манас айтуунун өзгөчө чеберчилигин көрсөтүп, көрүүчүлөргө руханий азык тартуулашты. Айрым катышуучулардын айтуусундагы көркөмдүк, үнүнүн бийиктиги жана образдуулугу өзгөчө белгиленди.
Кароо сынактын негизги максаты – жаш муунду улуттук мурастарды урматтоого тарбиялоо, “Манас” эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги манасчыларды колдоо болуп саналат. Таймаш жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучуларга тең мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жыйынтыгында мыкты деп табылган окуучулар дипломдор жана китептер менен сыйланышты. Мындай иш-чаралар жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук аң-сезимин бекемдөөгө чоң салым кошору талашсыз.
Даярдаган : Нурайым Акунова