Түп айыл аймагында 1-май — Эмгек майрамына карата улуттук ат оюндары өткөрүлүп, ага 80ге жакын күлүк катышты.
Тай чабышка 9 баш күлүк чыгып, жыйынтыгында 1-орунду “Туман” (Бөрүбаш) ээледи. 2-3-орундарды Сары-Көл айылынын “Байрак” жана “Кубрик” аттуу күлүктөрү бөлүштү.

Кунан чабышка 8 күлүк катышып, 1-орунду Тогуз-Булак айылынан Урбаев Болоттун “Береке” күлүгү алды. 2-3-орундар Сары-Көл айылынын күлүктөрүнө тийди.

Кунан жоргого 14 жорго катышып, 1-2-орундарды Тоң районунан келген Замир Мукашевдин “Периште” жана “Байтерек” аттары жеңип алды. 3-орун Жети-Өгүз районунан келген “Мааникерге” буюрду.
Бышты жоргого 12 жорго, топ байгеге 11 күлүк катышты.

Чоң жоргого 16 жорго чыгып, 1-орунду Кереге-Таш айылынан “Восход лох”, 2-орунду Тоң районунан Замир Мукашевдин “Көк сулуу” жоргосу, 3-орунду Кереге-Таш айылынын “Патриот” жоргосу ээледи.
Аламан байгеге 8 күлүк катышып, 1-орунду Чолпон-Ата шаарынан “Дубан”, 2-орунду Ысык-Ата (Чүй) районунан “Манап”, 3-орунду Бишкек шаарынан келген “Мончок” күлүктөрү жеңип алды.
Белгилей кетсек, Түп айыл аймагынын башчысы Урмат Бозгунов ат оюндары жана жаа атуу боюнча мелдештерге 100 миң сом бөлүп, жеңүүчүлөргө байгелерди, медалдарды жана биринчи орунду ээлеген күлүктөргө ат жабууларды тапшырды.
Даярдаган; Жумакадыр Муратбеков, Мадина Үсөнова