"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунда Китепканачылар күнү жана Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган маданий кече өттү

1 Июнь 2026 жыл 17:37
Көрүүлөрдүн саны: 11

Түп райондук маданият үйүндө 27-май — Китепканачылар күнү жана көрүнүктүү акын-жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгына арналган поэзия кечеси жана майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

 

Кечеге райондогу китепканачылар, облустук Т.Сыдыкбеков атындагы китепкананын директору Фатима Матаева, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нуржан Алапаева, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Достук Бердибек уулу, ошондой эле Мукай Элебаевдин туугандары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чара айылдык калемгер Шекербек Алиевдин Мукай Элебаевге арнаган поэмасынын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрсөтүү менен ачылды. Көрсөтүүнү райондук китепкана кызматкерлери аткарып, көрүүчүлөргө акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу таасирдүү баян тартуулашты.

 

Кеченин жүрүшүндө Мукай Элебаевдин өмүр баянын чагылдырган слайд көрсөтүлүп, анын чыгармаларынан түзүлгөн көргөзмө уюштурулду. Катышуучулар улуу калемгердин адабий мурасы тууралуу ой бөлүшүп, талкуу жүргүзүштү.

 

Майрамдык кеченин экинчи бөлүгү Китепканачылар күнүнө арналды. Анда китеп окууну жайылтуу, окурмандарды китепканага тартуу жана заманбап усулдарды колдонуу боюнча китепканачылар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

 

Майрамдык маанайды райондук китепканачылар жана маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа коштоду.

 

Иш-чаранын соңунда Ысык-Көл облустук китепканасынын, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук маданият бөлүмүнүн Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана баалуу белектери тапшырылып, китепкана тармагында үзүрлүү эмгектенип келген кызматкерлер сыйланышты.

Даярдаган; Муратбек Жумакадыров