"Нур ФМ" жамааттык мультимедиа борбору

Түп району, Тасма айылы

Түп районунда чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор ачылат

2 Июнь 2026 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны: 4

2026-жылдын 1-июнунда Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагында жайгашкан «Данис Берри» ЖЧКсынын чычырканак плантациясында Кыргыз Республикасындагы алгачкы «Чычырканакты сактоо жана кайра иштетүү» логистикалык борборун куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Долбоор Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, аны «Данис Берри» ЖЧКсы жүзөгө ашырат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү бул демилге эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты гана эмес, достук мамилелерди да чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Түп районунун акими Тимур Мадияровдун айтымында, логистикалык борбордун курулушу 2026-жылдын 1-июлунда башталып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.

Жаңы борбор чычырканакты сактоо, кайра иштетүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү менен аймактагы ишкерликти өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө салым кошот.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров