2026-жылдын 10–11-июнь күндөрү өткөрүлгөн «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Ч.Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу республикалык интеллектуалдык сынакта Түп районунун окуучулары ийгиликтүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында районубуздун окуучулары төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
🏆 1-орун
Курдашев Баэл – Ж.Мукамбаев атындагы мектеп
🥈 2-орун
Кубатбеков Айдин – А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектеби

Токтосунова Сабрина – М.Элебаев атындагы мектеп
Асанбеков Ардак – М.Темиров атындагы мектеп
🥉 3-орун
Калыков Искендер – С.Исмаев атындагы мектеп
Жакшылыков Жеңишбек – А.Кайдуев атындагы мектеп
Аталган жетишкендиктер окуучулардын билимге болгон кызыгуусун, интеллектуалдык даярдыгын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу тастыктады. Республикалык деңгээлдеги мындай сынакта ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүү — окуучулардын тынымсыз изденүүсүнүн, мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин жана ата-энелердин колдоосунун жемиши.
Түп районунун окуучуларынын бул ийгилиги районубуздагы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтүп, жаштардын билимге болгон умтулуусун арттырууга чоң дем берет.
Жеңүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана даярдаган мугалимдерин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы окууларына жана иштерине жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Даярдаган: Гүлбара Жеңиш кызы.