2025–2026-окуу жылында А.Сопиев атындагы №19-Тасма жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классын жалпы 26 окуучу ийгиликтүү аяктады. Алардын арасынан Окенова Диана Жалпы республикалык тестирлөөдө (ЖРТ) 184 балл топтоп, классташтарынын арасынан эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.

Өлкө боюнча ЖРТда 200дөн жогору балл алган бүтүрүүчүлөр да бар экенине карабастан, Окенова Диананын 184 баллы өзүнүн айыл аймагы жана мектеби үчүн олуттуу жетишкендик болуп саналат.
Диана мектепте окуган жылдары билим менен катар интеллектуалдык багыттагы иш-чараларга да активдүү катышып келген. Ал төрт жыл бою республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына катышып, кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосун толук окуп чыккан. Бул анын ой жүгүртүүсүнүн, окуп түшүнүү жөндөмүнүн жана жалпы даярдыгынын жогорулашына өбөлгө түзгөн.
Окенова Диананын жетишкендиги коомчулук тарабынан да жогору бааланып, Карасаев айыл аймагынын башчысы Бакасов Максат Бекбосунович тарабынан ага ноутбук белекке берилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.
Билимге умтулган жаштарды колдоо жана алардын жетишкендиктерин баалоо — келечекке салынган маанилүү салым. Окенова Диананын ийгилиги эмгек менен изденүү ар дайым жакшы жыйынтыкка жеткирерин дагы бир жолу далилдеп, башка окуучулар үчүн да шыктандыруучу үлгү болуп калды.
Даярдаган; Мадина Үсөнова